Диний чөйрөдө эки тараптуу кызматташуу талкууланды

Үстүбүздөгү жылдын 13-18-сентябрына чейин Президенттин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы К.Базарбаев баштаган жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Т.Абдыкаров жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышкан делегация Россия Федерациясында иш сапарында.

Иш сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Улуттар иши боюнча Федералдык агенттигинин башчысынын орун басары С.Бедкин менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Россия Федерациясынын Улуттар иши боюнча Федералдык агенттигинин ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү Меморандумунун алкагында мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттагы багыттар боюнча тажрыйба алмашуу, диний билим берүү, ошондой эле диний басмырлоонун, радикализм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу сыяктуу кызматташтыктын багыттарын камтыган Меморандумга 2019-жылы март айында кол коюлган.

Ошондой эле, иш сапардын жүрүшүндө Татарстан Республикасынын Президентинин Администрациясы, Москванын жана жалпы Рустун Патриархы Кирилл, Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын, Татарстан Республикасынын мусулмандарынын Дин башкармасынын жана Россия Ислам институтунун жетекчилери менен жолугушуулар күтүлүүдө.

error: Content is protected !!