Чолпон Койчуманова: “Көздөрүндө жаш кылгырып турса да жакшы дешет…”

Элет көйгөйү

Тарых илимдеринин доктору Чолпон Койчуманова:

КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, Тарых илимдеринин доктору Чолпон Койчуманова Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арнап “Аялзаттын тагдыры: мезгил күүсүндө” аттуу монографиялык китеп чыгарды. Анда көзкарандысыз мамлекеттин калыптануусунда жана өнүгүүсүндө элеттик аялдардын ролу чагылдырылган.

Чолпон Урушбековна, элеттик аялдардын жашоо-турмушун иликтөөгө эмне себеп болду?

Көпчүлүгүбүз айылда өсүп-чоңойгондуктан, ал жактын жашоо-тиричилигин жакшы билебиз. Айылдан алыстаганыбыз менен каттаган сайын алардын түмөн түйшүгүн көрүп жүрөбүз. Буга чейин алардын турмушу, көйгөйү тууралуу илимий макалаларды, китептерди чыгарганбыз. Бул жолу эң алыс жайгашкан айылдарга чейин кыдырып чыгып, бүтүндөй республиканын аймактарынын жашоо-турмушун бири-бири менен салыштыруу максатыбыз болгон. Маселен, кайсыл жерде кандай артыкчылык бар же көйгөй каякта көбүрөөк деген маселени көтөрүп чыгуу болду.

Дагы бир орчундуу нерсеге басым жасадык. Айымдар өздөрүнүн башынан өткөргөн чыныгы турмуштарын,көз караштарын айтып беришти. Болгонун-болгондой китепке чагылдырдык.

Элеттик аялдар саясаттан таптакыр алыс. Бирөөгөкандайдыр бир көз карандылык жок. Өз жашоолору тууралуу ачык айтып, кандай турмушту баштарынан кечирип жаткандарына чейин көрсөтүп беришти. Сүрөткө же тасмага тартып жаткан учурда корунуу деген болгон жок. Биз 200дөн ашык аял менен жолуктук. Албетте, алардын баарын китепке батыра алган жокпуз. Дээрлик көпчүлүгүнүн турмуштары бири-бирине окшош. Күнүмдүк тарткан түйшүктөрү бирдей.

Жакшылыгын ашырып, жамандыгын жашыргансапат кыргыз аялдарына гана тиешелүү болсо керек. Дегеним, кыйналып турушса да жан дүйнөлөрүн оңой менен ача беришпейт эмеспи…

Туура айтасыз. Кээ бир аялдар күйөөсү жумушта болгондуктан, анын уруксааты жок үйүнө киргизүүдөн тартынышты. Алардын абалын туура түшүнөм. Бирок, негизинен биздин кыргыз аялдары чечкиндүү экендигине кубандым. Турмуштары начар экендиги көрүнүп турса да, жаман жагын жашырып, жакшы жагын гана көрсөтүүгө далалаттанып жатышты. Баары жакшы деп айтканы менен көзүнөн жаш кылгырып турат. Өзүнчө калганда “Азыр мен айтып берсем кошуналар, туугандар угат. Сөзгө калгым келбейт” дешет. Ошентсе да “Кудайга шүгүр” дешип өз жашоосуна каниет кылышат. Алардын жашоосун көрүп бир ой келди. Шаарда жашаган айымдар бардык шарт болуп турса да, биз ыраазы болбойт экенбиз.

“Эл эмне дейт?” деген калыптанган көз караштан арыла албай келе жатпайбызбы. Өзгөчө зордук-зомбулук көргөн аялдар бул нерсени жаап-жашырып келишет. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калат дегендей…

Аялдар көргөн зордук-зомбулугун канчалык жашырышпасын, алардын психологиялык абалынан, турмушунан билинип турат. Күйөөсүнөн ажырашып, зомбулуктан кутулгандар ачык айтып беришти. Анткени, алар коркуу сезиминенарылышкан. Тилекке каршы, эл арасында сөзгө калам деген кооптонуу менен арманын, көргөн азап-тозогун ичине сактап жүргөндөр бар.

Эркек аялга күч колдонуп зордук-зомбулук көрсөтмөк түгүл, психологиялык жактан басым жасап турган учурлар көп кездешет. Бул “туткундан” чыгуу өтө кыйын го…

Өкүнүчтүүсү статистика боюнча аялдарга болгон зордук-зомбулук жыл сайын өсүп жатат. Аялдардын жашоо-турмушу тууралуу изилдөө жүргүзгөн учурда сөзсүз алардын укуктук жагын кароо өтө маанилүү. Бизде мыйзамдар кабыл алынган менен иштебейт. Буга мыйзамды аткарган мекемелердин коррупцияланышып кеткендиги да чоң себеп. Ошону менен бирге мыйзамдардын арасында бири-бирине карама-каршылыктар бар. Аялына зордук-зомбулук көрсөткөн адам дароо камалбайт. Көбүнчө укук коргоо органдарынын кызматкерлери “үй-бүлөлүк чыр-чатактарыңарды өзүңөр чечип алгыла” деп көңүл кош мамиле жасашат.

Эми жаңы мыйзамдар иштеп баштаса, зомбулук көрсөткөн тарапты жана ишине көңүл кош мамиле жасаган укук коргоо кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу маселеси күчүнө кирет.

Жогоруда сиз айткандай, аялдарга дайыма психологиялык басым жасала берип, алар кадыресе көрүнүштөй кабыл алып калышкан. Узакка созулган депрессияга тушугушуп, өнөкөт оору катары калып калган. “Башка салганы ушул экен” деп баарын көтөрүп жүрө беришет. Тилекке каршы, психолог жок. Өзгөчө айыл жеринде аялдарга болгон зордук-зомбулук,энелердин жана наристелердин өлүмү, өз жанын кыйгандар көп катталат.

Күн сайын кайталанган тиричилик. Бардык эле аялдардын кайын-журту жакшы мамиле кыла беришпейт. “Арыз-муңубузду эч кимге ишенип айта албайбыз. Туугандарыма айтайын десем, алардын өздөрүнүн түйшүгү жетиштүү. Кошунама айтайын десем, айылга тарайт”, — дешет. Арманын айтып, бугун чыгарып алса, кеп-кеңеш алып, жылуу сөз уккан адам жеңилдей түшөт эмеспи. Мына ушундай ичинде арманы толгон аялдар өздөрү менен өздөрү. Ошондуктан, өз жанын кыюу аядардын арасында көп. Үй-бүлөдөн зордук-зомбулук көргөн, эки-үч баласы бар аял кайда барат?! Ошондой кырдаалда психолог чоң жардам берет.Болбосо, ата-энеси же туугандары сүйлөшүп туура жолго салып койсо, балким көптөгөн өмүрлөр сакталып калат беле. Учурда мамлекет тарабынан аймактарга психологдор үчүн атайын ваканция ачуу зарылдыгы турат. Жергиликтүү органдардын кызматкерлери да психологдун жоктугун орчундуу маселе катары белгилешти.

Жабыр тарткандардын укугун коргоо боюнча айылдарда атайын “Аксакалдар соту” деген коомдук институт бар. Учурда ошол институттун коомчулуктагы орду кандай экен?

Айыл жеринде жайылган жаман көрүнүштөрдү жок кылууга жана жаштарды жакшы жолго үндөөдө аксакалдар сотунун өз салымын кошууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, өлкөдө аксакалдар соту өнүккөн жок. Эгерде мындан ары да ушундай форматта иш алып барышса, алдыга жылуусу да мүмкүн эмес. Коомдо кадыр-баркка ээ болгон даанышман адам гана “аксакал” деп аталат. Тилекке каршы, азыркы жаштар өздөрүнүн маселелерин чечүүдө аксакалдарга ишене беришпейт. Бардык жерде аксакалдар сотунун 95 пайызын эркектер түзөт. Статистика көрсөткөндөй, билим берүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү менен алек болгон тармактардын бардыгында аялдар эмгектенет. Аксакалдар сотунун ишине да аялдарды тартуу зарыл.

Өзүңүз аймактарды кыдырып, бир нече жылдардан бери алардын жашоосуна аралашып жүрүпсүз. Кандай орчундуу көйгөйлөргө тушуктуңуз?

Биз учурдагы өтө курч болуп турган көйгөйлөргө көңүл бурдук. Кыргыз Республикасынын калкынын 66 пайызы айыл жеринде жашайт. Балдардын төрөлүшү шаарга караганда элет жеринде алда канча жогору. Ошондуктан, энелердин жана балдардын өлүмү аймактарда көп катталат. Мунун себеби ар бирибизге түшүнүктүү. Биринчиден, витаминдердин жетишсиздиги, тамактын бир түрдүүлүгү. Ошону менен бирге медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги өтө курч маселе. Айрым айылдарда ФАП жок.Мамлекет бул көйгөйдү чечүүнү тезирээк колго алышы зарыл.

Экинчиден, калкты иче турган таза суу менен камсыз кылуу абдан начар. Өзгөчө, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында таза эмес сууну колдонуунун кесепетинен ич келте оорулар көп катталган. Көпчүлүк айылдарда таза суу эки күндө бир ирет эки саатка эле берилет. Жетишкендери алып калат, албагандары арыктан ичет. Жаш балдардын арасында ичеги-карын оорулары кеңири жайылган. Арыктан суу келбеген айылдар да бар. Алар жамгырдын жаашын күтүшүп, жаандын суусун идишке тосуп алышат экен.

Үчүнчүсү, жолдордун абалы. Өлкөнүн өнүгүшү анынжолдорунан билинет дейт эмеспи. Таң калганым, мектептер канчалык алыс болгонуна карабай, бир да автобустун жүрбөгөндүгү. Мектепке таң эрте барган же сабактан кеч чыккан бала жолдогу карышкыр же чөө сыяктуу жырткыч жаныбарлардан, жолбун иттерден качып, жөө-жалаңдап жүрүшөт экен. Эң оор ахыбалда Баткен облусутурат.

Аялдардын эң негизги милдети бала төрөп, аны татыктуу тарбиялоо эмеспи. Учурда айыл жеринде балдарды тарбиялоо жагдайында кандай өзгөрүүнү байкай алдыңыз?

Туура, бул маселеге да өзгөчө көңүл бурдук. Мектептердин ал-ахыбалы өтө начар. Балдарды өнүктүрүүүчүн  атайын кошумча ийримдер жок. Жумушсуздук аялдар үчүн да, эркектер үчүн да оор маселе. Балдардын бүтүндөй жоопкерчилиги энелердин мойнунда. Ошону менен бирге үйдөгү түйшүктү да көтөрүшөт. Бала бакчалар ачылып, ар кандай ийримдер болсо аялдардын бош убактысы көбөймөк. Бул балдарды натыйжалуу тарбиялоого, өзүнүн билимин жана маданиятын жогорулатканга шарт түзмөк. Бирок, билим жогорулатуу, интеллектуалдык өнүгүү борборлору дээрлик жок. Эс алып, көңүл ачаар жерлери той.

Республикабыздын түштүк аймагынан мигранттар көп. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы айылдык мектептерде окуучулардын теңинен көбү мигранттардын балдары. Кароосуз, көңүл буруусуз калган балдардын келечектеги тагдыры оор болот. Мээрим көрбөгөндүктөн, агрессияга тушугушат.Жакындарынан зордук-зомбулук көргөн балдарды айтпай эле коёлу. Алардын келечеги кандай болот?!

Бул китепти Эгемендиктин 30 жылдык мааракесинин урматына чыгарыпсыз. Эмне үчүн атактуу аялдардын кооз жашоосу тууралуу эмес, айылдык аялдардын аянычтуу тагдырын тандап алдыңыз?

Ооба, эгемендүү мамлекет болгону кыргыздын кыйын айымдары деп аттуу-баштуу аялдарды тизмектеп,чыгарып келдик. Ошол эле учурда айылда жашаган жөнөкөй карапайым аялдарга бир да китеп арналган эмес экен. Мамлекеттин жүгүн коомчулукка белгилүү болгон айымдар гана көтөрүп келе жатат деп жаңылыш ойлойбуз. Бүт түйшүктүөз мойнуна алган аялдардын өлкөнү алдыга жылдырууга кошкон салымдары алардан ашса ашат, кем калбайт. Дүйнөгө белгилүү окуу жайларда билим алып, кадыр-барктуу чоң мекемелерде иштеп жүргөн балдарды, мамлекетибиздин башында турган инсандарды төрөп, таалим-тарбия берген айылдык энелер эмеспи! Канчалык оор турмушту баштарынан өткөргөндөрү менен көйгөйлөрүн күлүп жеңип келе жаткан элеттик аялдардын эмгегин ушул китеп аркылуу көрсөткүм келди. Бардык кыйынчылыкты жон териси менен сезип, ошого карабастан сабырдуу, чыдамкай, ыймандуу аялзаты бар болушсун!

error: Content is protected !!