Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмесине кошумча киргизүү жөнүндө

Буйрук
15 - Август 2019
www.erkintoo.kg
144
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө” №537 токтомун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин этил спиртин, алкоголдук жана спирттүү продукциянын өндүрүүсүн жана жүгүртүүсүн жөнгө салуу жана контролдоо башкармалыгынын сыраны (Код ТН ВЭД ЕАЭС 2203 00 010 0) контролдук баалардын минималдык деңгээлинин Тизмегине киргизүү боюнча арызынын негизинде, Кыргыз  Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибинин 13 жана 14-пункттарына ылайык, буйрук кылам:
 
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 16-декабрындагы №197 буйругу менен бекитилген контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмесине төмөнкү товардык позиция кошумча киргизилсин:
 
Товардын аталышы Код ТН ВЭД ЕАЭС КБМД көлөмү
11 Сыра 2203 00 010 0 48,0 сом/бөтөлкө 0,5 л.
 
 
2. Берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик маалыматтарды берген тараптарга жүктөлсүн.
 
3. Жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгы (Маматоморов):
- бул буйрукту кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго маалымдасын;
- бул буйрук аркылуу кабыл алынган чечим жөнүндөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жана “Эркин Тоо” гезитине жайгаштыруу боюнча иш-аракеттерди жүргүзсүн.
 
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.Д.Тайлаковго жүктөлсүн.
 
Директор  Ш.М. Сабиров
 
Бишкек шаары, 2019-жылдын 9-августу, №21


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.