Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Индонезия Өкмөтү, Ислам өнүктүрүү банкы, Сингосари улуттук борбору менен кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Буйрук
20 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
377

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борборунун жана Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 16-ноябрында кабыл алынган.

Меморандумдун максаты – жергиликтүү калктын малынын продуктуулугун жакшыртуу, эл аралык стандарттарга ылайык малды жасалма жол менен уруктандыруу ишиндеги тажрыйбаларды жана билимдерди өздөштүрүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.