Курс НБ на 29.03.2020 $80,2015 €88,3099

Спортчуларыбыз Бразилияга учуп кетишти

Спорт
02 - Сентябрь 2016
0
699

Кыргыз Паралимпиадачылары кечээ түнү Рио-де-Жанейро шаарына (Бразилия) XV жайкы Паралимпиадалык оюндарына катышуу үчүн учуп кетишкендиги тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Пакистандагы соттун имаратында жардыруу болду

Дүйнө
02 - Сентябрь 2016
0
392

Пакистанда соттун имаратында жарылуу болуп 12 адам каза тапты. РИА Новостинин Рейтер агенттигине берген шилтемесине караганда, түндүк-чыгыш аймагында соттун имараты жарылган.

Президент Алмазбек Атамбаев: «Бүгүн биз элибиздин жүрөгүн жүз жылдан бери оорутуп жүргөн, элибиздин мойнунда жүз жылдан бери жүк болуп жүргөн ыйык парзыбызды өтөп жатабыз”

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
813

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-сентябрда “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексте 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалын ачуу аземине катышты.

Абдыкерим Гапаровдун өлүмүнө байланышкан иш сотто каралат

Кылмыш
02 - Сентябрь 2016
0
927

өлүмүнө байланышкан ишти кароого кирише тургандыгын маркумдун бир тууганы Адыл Гапаров билдирди.

“Тынымсыз Манас айтуу” фестивалы өтөт

Маданият
02 - Сентябрь 2016
0
811

2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата, манасчылардын “Тынымсыз Манас айтуу” фестивалы өтөт. “Саякбай манасчы” коомдук фондунун маалыматына караганда, 3-8-сентябрь күндөрү улуу жана орто муундагы манасчылар угармандарга Манас айтышат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 млрд метр кубду түздү

Экономика
02 - Сентябрь 2016
0
645

2-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 млрд метр кубду түздү. Улуттук электр станциялары мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү 520 метр кубду түзсө, сарпталган суунун көлөмү 211 метр кубду түзөт.

Назарбаев гимнди билбеген депутаттарды сындады

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
615

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев парламенттин жыйынында гимнди билбеген депутаттарды сынга алды. Казинформ маалымат агенттигинин маалыматына караганда, президент өзү гимнди толугу менен ырдаган.

Көчмөндөр оюндарында бериле турган медалдардын көрүнүшү сунушталды

Спорт
02 - Сентябрь 2016
0
646

2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрүнө бериле турган медалдын көрүнүшүн Жаштар иши дене тарбия жана спорт агенттиги көпчүлүккө сунуштады. Аталган медаль моюнга илгидей болуп латундан жасалган. Медалдын бетине алтын, никель жана коло жалатылган.

Кыргызстан — Филиппин оюну 6-сентябрда өтөт

Спорт
02 - Сентябрь 2016
0
616

Оюнду өзбекстандык калыс Равшан Ирматов тейлейт. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынан кабарлашты. Кыргызстан — Филиппин жолдоштук беттеши майып балдарга арналат. Жолдоштук беттешүү 6-сентябрда саат 20.30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Аксыда абал тынч

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
720

Үңкүр-Тоону өзбек милиционерлеринен бошотуу боюнча элдик кошуундар түзүлүп жатат,- деп ЖМКларга чыгып кеткен маалыматты Ички иштер министрлиги төгүнгө чыгарды. ИИМдин маалымат кызматы «Чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек.

Курман айт майрамы 12-сентябрда белгиленет

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
691

Расмий түрдө майрамдын белгиленчү күнү аныкталганын тууралуу муфтият билдирди. Курман айт 30 күндүк орозонун жыйынтыгы менен майрамдалган Орозо айттан 70 күн өткөндөн кийин белгиленет. Бул күнү колунда бар мусулмандар курмандык чалып, анын бир бөлүгүн карыптарга, муктаж болгондорго таратып бериши шарт.

Жогорку Кеңеш ишин токтотпойт

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
598

Айрым ЖМКларга чыккан Жогорку Кеңеште 12-сентябрына чейин танапис жарыяланды деген сындуу маалыматтар чындыкка коошпойт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Календарлык планга ылайык, 12-сентябрга чейин парламенттин тармактык комитеттеринде иштер жүрөт.

Ислам Каримовдун абалы оор

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
566

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун абалы оор экендигин РИА Новости Өзбекстандын өкмөтүнө шилтеме берип жазды. Буга чейин Каримовдун кызы Лола Каримова өзүнүн Instagram баракчасына атасы мээсине кан куюлуп реанимацияда жатып калганын билдирип, бирок туруктуу экендигин жазган.

Кочкор районунун Шамшы айылында мектептин ачылышы болду

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
1645

1-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылындагы Осмон Айбашов атындагы орто мектебинин ачылыш аземи болду. Салтанатка Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Мухамметкалый Абулгазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кочкор районунун акими Нурлан Керималиев, мектептин эмгек жамааты, окуучулар жана ата-энелер катышты.

Нарында жаңы бала бакча ачылды

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
1074

2016/2017-жаңы окуу жылын Нарын шаары жаңы бала бакча менен тосуп алды. Калаанын чыгыш тарабына долбоор негизинде 32 орундуу бала бакча курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди жана кызыл лентасы Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы белгиленген 31-август күнү кесилди.

Аялдаманын «көркүн ачкан» таксилер

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
694

Жайкы эс алуу аяктап, студенттер, окуучулар шаар ичи өзүнчө шаңга бөлөнгөндөй. Дегеним жол тыгындары жана автобустардын, маршруттук микроавтобустардын ичи андан бетер тыгынга айланды. Аялдамалар да көркүнө чыккандай.

Ошто эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата жаңы көпүрө колдонууга берилди

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
649

Ош шаарындагы Курманжан Датка жана Туран аймактык кеңештерин бириктирүүчү жаңы көпүрө колдонууга берилди. Ачылуу аземине КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев,шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, студенттер жана шаар тургундары катышты.

Ошто жаңы мектеп ачылды

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
850

1-сентябрда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө кыргыз-казак өкмөтү биргеликте курган «Жетиген» мектеп-лицейи алгачкы окуучуларын кабыл алды. Мектептин ачылышына КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Казакстандан келген өкүлдөр, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышты.

АКШ Орусияга карата санкцияларын кеңейтти

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
534

АКШ Орусиянын Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп жаткандыгына жана 2014-жылы Крымды аннекциялап алгандыгына байланыштуу киргизилген санкциялык тизмеге дагы 37 адамды жана компанияларды киргизди.

Шавкат Мирзияев Самаркандга барды

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
768

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев 1-сентябрь күнү түштөн кийин шашылыш түрдө Самаркандга барды. – Улугбек обсерваториясынан тарта «Сиёб» базарына чейин жолдордун бардыгы жабылган, ал жакка ошол аймакта жашагандарды гана өткөрүп жатышат.

Кытайлык окумуштуулар күтүлбөгөн ачылыш жасады

Дүйнө
02 - Сентябрь 2016
0
517

Узун бойлуулар бою кыскаларга караганда алыскы аралыкты отурганда дагы жакшы эсептей алары аныкталганын РИА Новости агенттиги Science Advanced журналына таянуу менен жазып чыкты, деп билдирди sputnik.kg. Окумуштуулар адамдын бою анын ден соолугуна, акылына жана физикалык түзүлүшүнө кандай таасир бере турганына кызыгышып изилдөө жүргүзүшкөн.

Паспорттун баасы көтөрүлдү

Аймак
02 - Сентябрь 2016
0
795

1-сентябрга чейин ички паспорт алуу үчүн 165 сом, жалпы жарандык паспорт үчүн 454 сом алынчу. Кечээ ички паспортторду алуу же алмаштыруу 460 сом, ал эми жалпы жарандык паспорттун баасы 750 сомго чыкты. Жоголуп кеткен паспорттун ордун жаңылоодо ички паспорттун баасы 530 сом, ал эми жалпы жарандык паспорт 860 сом турат, деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматы.

Президент Алмазбек Атамбаев ЖККУнун Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
585

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Жолугушууда уюмдун азыркы ишине байланышкан жана быйыл октябрь айында өтө турган Жамааттык коопсуздук кеӊешинин сессиясына жана ЖККУнун уставдык органдарынын жыйындарына даярдыктардын жүрүшү тууралу маселелер талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев Билим күнүндө Чоӊ-Таш айылындагы С.Чокморов атындагы орто мектептеги салтанатка катышты (фоторепортаж)

Саясат
02 - Сентябрь 2016
0
635

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда Билим күнүндө Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чоӊ-Таш айылындагы С.Чокморов атындагы орто мектептеги окуу жылдын башталыш салтанатына катышты. Өз сөзүндө Мамлекет башчысы бардык окуучулар менен педагогдорду жаркын майрам – Билим күнү менен куттуктады. Президент окуучуларды тырышып окууга, ата-энелерди жакшы билим жана тарбия алуусу үчүн балдарына өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

Туристтер үчүн мобилдик тиркеме

Коом
02 - Сентябрь 2016
0
679

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси жана каржылык колдоосу менен Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөрдүн 2-оюнуна карата чет жерден келген туристтерге жергиликтүү эл менен пикир алышуу, өтүп жаткан оюндарды, аларда колдонгон сөздөрдү түшүнүү үчүн атайын сүйлөшмөнүн мобилдик тиркемеси иштелип чыкты.