Курс НБ на 05.07.2020 $77,1102 €86,6140

Ооруканалар бардык бейтаптарды кандай дарт менен келгенине карабай кабыл алышы керек

Коом
30 - Июнь 2020
Эркин Тоо
36

 Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

"Мен расмий айтып жатам, эгер тез жардам унаасын күтпөй өз алдынча келүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болсо, бейтапты жеке автоунаа менен алып келгиле. Алар силерди кабыл алат. Мен өзүм башкы дарыгерге чалып, кайрылган адамды кабыл алгыла деген учурлар болду. Бул көпчүлүк жетекчилер өзүнүн мөөнөттөгү кызматкерлерине жана бөлүм башчыларына маалымат бербегендигин түшүндүрөт. Ооруп калган адам кандай гана жол менен келбесин, эң негизгиси алардын клиникалык абалы эске алынып, аны ак халатчандар кабыл алышы керек", — деди Каратаев.

 



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу