Курс НБ на 05.07.2020 $77,1102 €86,6140

​Азербайжанда биринчилик жыйынтыкталды

Спорт
25 - Июнь 2020
www.erkintoo.kg
40
Азербайжанда коронавируска байланыштуу футбол ойноо март айында токтогон. Өлкөдө коронавируска байланыштуу карантин 1-июлга чейин узартылган. Футбол биринчилигин жандандыруу 21-июлга белгиленген болчу. Бирок, футбол федерациясынын жетекчилери өз ара макулдашып, оюндарды улантпастан эле быйылкы жылдын биринчилигин жыйынтыктамай болушту. Жыйынтыгында 20 оюндан кийин 45 упай топтогон 1-орундагы «Карабах» клубу чемпион аталды.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу