Курс НБ на 07.06.2020 $74,2343 €84,1186

Музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды

Саясат
21 - Май 2020
www.erkintoo.kg
46

Кыргыз Республикасындагы маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

 

Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн 480 миң сом каралган.

 

Эске салсак, мындан мурда маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акыны 80%га жогорулатуу орун алган.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу