Курс НБ на 07.06.2020 $74,2343 €84,1186

АКШ менен Швейцариянын окумуштуулар COVID-19га оңой менен кабылбаган адамдар кимдер экендигин айтышты

Дүйнө
20 - Май 2020
Эркин Тоо
43

Алардын пикиринде  2003-жылы А тибиндеги вирус менен ооругандар коронавирустун жаңы түрүнө  багынбайт. Бул туурасында Nature журналы жазган.

Иликтөө учурунда  SARS-CoV жуктуруп, курч респиратордук белгилер байкалгандар антителаларды иштеп чыгары белгилүү болгон. А бул коронавирустун клетканын үстүндөгү рецепторлору менен байланышына жооп берген процесс экендигин айтышты. Мындай антителалардын көп түрдүүлүгү SARS-CoV2ни алсыраткан күчкө ээ. Окумуштуулар мындай көп түрдүү антителаларды иликтеп, ар тараптан үйрөнүп жасалган дары-дармектер COVID-19дун оор түрүн дарылаганга колдоноорун билдиришкен.  Андан сырткары тобокел тобуна киргендердин ооруга чалдыгышынын алдын алуу иштеринде колдонулат,-деп жазды sputnik.kg


 


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу