Курс НБ на 21.01.2020 $69,7000 €77,3008

​Өзбекстан чейрек финалга өттү

Спорт
16 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
21
Таиландда футболдон 23 жашка чейинки жаштар арасында Азия биринчилиги өтүүдө. Азиянын аракеттеги чемпиону Өзбекстан курамасы кечээ өзүнүн 3-беттешүүсүндө Түштүк Корея менен ойноп 1:2 эсебинде утулуп калды. Бирок утулганына карабастан кийинки айлампага – чейрек финалга өттү. Себеби, алар биринчи оюнда Иран менен 1:1 эсебинде тең чыгып, экинчи оюнда Кытай курамасын 2:0 менен утуп алышкан. Мына ушул 4 упай менен чейрек финалга чыкты. Иран болсо Кытайды 1:0 менен утуп алар да 4 упай топтошту. Эрежеге ылайык топтордун эсебинин айырмасы боюнча Өзбекстанга артыкчылык берилди. Биринчилик 8-январда башталган. Ким чемпион болоору 26-январда белгилүү болот. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу