Курс НБ на 12.12.2019 $69,8500 €77,4252

Жарым кылым мурда жоголгон шакек

Дүйнө
04 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
19
Америкалык Флорида штатынын жашоочусу Кеннет Борддун 49 жыл мурда Обурндейла орто мектебин аяктап жатып бүтүрүү кечесинде жоготуп алган шакеги эки жума мурда Мельбурндун пляжынан табылды. Аны дагы бир америкалык жаран Джерри Поуп пляжды металл издегич менен изилдеп жүрүп таап алган жана шакектин сүрөтүн досунун в Facebookтагы баракчасына жайгаштырган. Сүрөттү кокусунан көрүп калган Обурндейла орто мектебинин координатору Джейк Уайт андагы жазуу боюнча кимге таандык экендигин аныктап, Поупка кабарлаган. Жакында Поуп шакекти Бордго тапшырат деп айтылат маалыматта.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу