Курс НБ на 12.12.2019 $69,8500 €77,4252

​Футбол: Азиянын мыктылары кимдер?

Спорт
04 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
24
Азия футбол конфедерациясы 2019-жылдын мыкты оюнчуларын атады. Катар өлкөсүнүн курама командасынын чабуулчусу жана «Аль-Саад» клубунун оюнчусу Акрам Афиф Азиянын мыкты оюнчусу аталды. Бул оюнчу быйыл январь айында Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөн Азия биринчилигинин финалында Катар курамасы Японияны 3:1 эсебинде жеңип Азия чемпиону болуусуна салымын кошкон. Айымдардан Япония курамасынын жана Франциянын «Олимпик Лион» клубунун оюнчусу Саки Кумагаи тандалды. Азиядагы эң жаш мыкты оюнчу наамына Түштүк Корея курамасынын 18 жаштагы оюнчусу Ли Кан Ин татыктуу болду. Кичи футболдон япон оюнчусу Томоки Есикава мыкты аталды. Мыкты машыктыруучу наамына Түштүк Корея курамасынын (20 жашка чейинки оюнчулар боюнча) башкы машыктыруучусу Чон Чин Йон, айымдар арасында Япония улуттук курамасынын устаты Асако Такакуру татыктуу болушту. (АЖ)
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу