Курс НБ на 12.12.2019 $69,8500 €77,4252

​«Алтын топ»-2019: Жаңы сыйлык-жаңы ысымдар

Спорт
04 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
22
64 жылдан бери футболдон «Алтын топ» сыйлыгын тапшырып келе жаткан France Football журналы быйыл биринчи жолу дарбазачылар үчүн да атайын сыйлык уюштуруп, аны советтик даңазалуу дарбазачы Лев Яшиндин ысымы менен атаган. Анткени Л. Яшин 1963-жылы «Алтын топ» сыйлыгына татыктуу болгон жалгыз дарбазачы катары белгилүү. Жаңыдан уюштурулган тарыхый сыйлыктын №1 ээси болуп Бразилия курамасынын жана Англиянын «Ливерпуль» клубунун дарбазачысы Алиссон Бекер тандалды. Ал Бразилия курамасы менен Америка кубогун, «Ливерпуль» менен чемпиондор лигасын уткан. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу