Курс НБ на 12.12.2019 $69,8500 €77,4252

​ Азамат Байматов да “Дордой” менен коштошту

Спорт
04 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
22
Футболдон Кыргызстан улуттук курама командасынын мүчөсү Азамат Байматов да “Дордой” клубунан кетти. Аталган клубдун басма сөз кызматы Байматов менен клубдун түзгөн эмгек келишими соңуна чыкканын билдирди. Азамат 3-декабрда 30 жашка толду. Кыргызстанда, Россияда, Латвияда, Бахрейн жана Индонезиянын түрдүү клубдарында ойноп келди. 2011-жылдан бери улуттук курама командабыздын намысын коргоп келет. Бутунан жаракат алгандыгына байланыштуу быйыл январь айында Бириккен Араб Эмирликтеринде өткөн Азия кубогунда ойной алган жок. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу