Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

​Пакистандын түрмөсүндө россиялык үч аял көзөмөлчүнү өлтүрүштү

Дүйнө
11 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
25
Белуджистан провинциясындагы “Гаддани” түрмөсүндө отурган россиялык үч аял 8-октябрда көзөмөлчү кызматкерди өлтүрүшкөндүгүн РФ ТИМине шилтеме жасаган РИА Новости маалымдады. Россиялык аялдар “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун жактоочулары болуп саналышат жана алар иран-пакистан чек арасынан мыйзамсыз өтүү учурунда кармалышкан. Пакистан бийликтери аларды Россияга депортацияламак болуп жатышкан деп айтылат маалыматта.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу