Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

​ЕВРО-2020: Биринчи жолдомону Бельгия алды

Спорт
11 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
38
Футболдон Европада 2020-жылы жайында өтчү Европа биринчилигине тандап алуу оюндары уланууда. Кечээ Бельгия өз талаасында Сан-Марино курамасын 9:0 эсебинде талкалоо менен 7 оюндан кийин 21 упай топтоо менен биринчи жолдомонун ээси болуп калды. Бельгия 7 оюндан кийин 7 жеңиш менен 21 упай топтоду. Азырынча жеңилүү ызасын тарта элек. Атаандаштарынын дарбазасына 28 топ кийирип өздөрүнө болгону 1 топ өткөрүшкөн. Бельгиялыктар калган 3 оюнда да 9 упай алабыз деп турушат. 2-орундагы Россия кечээ өз талаасында Шотландия тандалмасын 4:0 менен утуп, 18 упай топтоду. Коңшулаш Казакстан болсо кечээ Астанада өткөн оюнда Кипр курамасына 1:2 эсебинде утулуп калып жолдомодон кол жууду. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу