Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Усубалиевдин өмүр жолу эскерилди

Коом
13 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
23
Нарын шаарындагы Ж. Коңурбаева атындагы борборлоштурулган китепканада мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата “Кылымга тете өмүр” аталышындагы конференция өткөрүлдү. Ага мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлердин өкүлдөрү жана жаштар катышышты. Конференцияда “Эл үчүн жаралган инсан” аталышындагы китеп көргөзмөгө баяндама берилип, Турдакун Усубалиевдин ишмердүүлүгү, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу докладдар окулду. Иш-чара соңунда  Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу тартылган “Тарыхты тактайлы” кино тасмасы көрсөтүлдү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу