Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

​Мугабенин сөөгү улуттук баатырлар аллеясына коюлат

Дүйнө
13 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
18
Зимбабве эли бүгүн экс-президент Роберт Мугабе менен коштошууда. Маркумдун үй-бүлөсү анын сөөгүн киндик каны тамган кыштагына коюуну каалагандыгына карабастан, бийлик экс-президентти өлкө борбору Хараренин жанындагы улуттук баатырлардын Акр көрүстөнүнө коюуну чечти. Мугабе өткөн жумада 95 жаш курагында Сингапурда ооруканада көз жумган. Анын сөөгүн алып келген самолет Хараренин аэропортуна конгондо мамлекеттин аракеттеги башчысы Эммерсон Мнангагва өзү тосуп алды. Ал эми Зимбабвенин билим берүү министри Пол Мавхима күмөн саноо болушу мүмкүн эмес – Мугабе улуттук баатыр катары акыркы сапарга узатылат деп билдирди. 14-сентябрда Мугабе менен коштошууга 50гө жакын мамлекеттин мурдагы жана аракеттеги жетекчилери катышат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу