Курс НБ на 23.08.2019 $69,7961 €77,4597

​Тил мыйзамынын 30 жылдыгы белгиленет

Коом
15 - Август 2019
www.erkintoo.kg
24
Быйыл Кыргызстанда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленет. Кыргыз өкмөтүнүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жанна Саралаеванын маалыматына ылайык, иш-чараны өткөрүүгө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова башында турган уюштуруу комитети түзүлдү. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдун маалыматына ылайык, 1-сентябрда акындардын айтышы, 23-сентябрда гала-концерт өткөрүлөт.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу