Курс НБ на 19.09.2019 $69,8460 €77,1205

Тарыхта калган XXI дүйнөлүк биринчилик

Спорт
14 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
81
2018-жылы 14-майда Россияда футболдон XXI дүйнөлүк биринчилик башталган. Москвадагы “Лужники” стадионунда алгач биринчиликтин ачылыш аземи болуп, ага Россиянын президенти В.Путин катышкан. 78 миң күйөрман чогулган стадиондогу биринчи оюнда Россия Сауд Арабиясын 5:0 эсебинде уткан. Бирок россиялыктар чейрек финалдан ары өтө алышкан эмес. Финалда Франция Хорватияны жеңип дүйнө чемпиону аталган. Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Кеңеши Россиядагы биринчиликти эң мыкты уюштурулган жана киреше алып келген биринчилик катары баалаган. ФИФАнын тарыхында аталган уюмга 5,357 миллиард доллар каражат түшсө анын 3,533 миллиарды таза киреше катары эсептелген. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.