Курс НБ на 25.06.2019 $69,4884 €79,1230

Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча атайын орган түзүүнү сунуштады

Коом
14 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
41
Аталган демилгени мамлекет башчысы Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитинин кеңири курамдагы жыйынында билдирди.
Анын айтуусунда, адатта, экономикалык кылмыштар трансулуттук мүнөзгө ээ.
"Алар баңгизат соодасы, аткезчилик, кылмыштуулук аркылуу келген акчаны адалдоо аракети менен тыгыз байланышта. Жыйынтыгында алар өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратат. Кыргызстан ШКУ алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча атайын орган түзүүнү сунуштайт", - деп билдирди президент.
Белгилей кетсек, учурда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУ саммити өтүп жатат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу