Курс НБ на 24.06.2019 $69,4884 €79,1230

​Дональд Трамп

Дүйнө
14 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
27
АКШнын 45-президенти Дональд Трамп бүгүн 73 жашка толду. Американын тарыхында эң картаң президент катары катталган Д.Трамп президент болгонго чейин Ак Үйдө эч кандай мамлекеттик кызматты ээлебегендиги менен айырмаланат. Миллиардер президент президенттик кызматы үчүн маяна алуудан баш тарткан. 70 жашында президенттик тактыга олтурган Д.Трамп 2020-жылкы президенттик шайлоого да катышаарын азыртадан эле жашырбай айтып келет. Бош убактыларында гольф ойнойт. Өзүнө таандык гольф ойноочу аянтчалары бар. Футболдун да күйөрманы, америкалык  “Нью-Ингленд Пэтриотс” клубунун күйөрманы. Саясатта орустарга көзү түз болбогону менен россиялык эрежесиз эр уруштун чебери Фёдор Емельяненконун АКШда өткөргөн беттешүүлөрүн бирин да калтырбай көрөт.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу