Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Жаңы уюлдук оператор пайда болот

Коом
17 - Май 2019
www.erkintoo.kg
65

Salam деген бренд менен иштей турган өлкөбүздөгү төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир ай аралыгында “Альфа Телеком” компаниясы ишке киргизет.
Учурда коомчулук арасында ар кандай пикирлерди жаратып жаткан “Кыргызтелеком” акционердик коомунун туунду компаниясы “КТ Мобайл” ЖЧК менен “Альфа Телеком” ЖАКтын ортосундагы талаштуу маселелер Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда өткөн кеңешмеде оңуна чечилди. Аталган компаниялар мындан ары бирге кызматташат. Абылгазиевдин пикиринде, мамлекеттик эки компаниянын биргелешип иштөөсү өлкөнү санариптештирүү саясатын алдыга жылдырууга чоң өбөлгө болот, ошондой эле алыскы аймактарды ишенимдүү байланыш менен толук камтып, анын жогорку сапатын камсыздайт. Биргелешип иштөөдөн түшкөн кирешенин 67%ы “Альфа Телекомдо”, 33%ы “КТ Мобайлда” калат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.