Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Кытай “Википедиянын” эшигин биротоло жапты

Дүйнө
17 - Май 2019
www.erkintoo.kg
77
Кытай бийликтери өлкө жарандарын бардык тилдердеги “Википедия” онлайн-энциклопедиясынан маалымат алуу укугунан биротоло ажыратты. Кытай тилиндегиси буга чейин эле жабылган. “Коммерсантъ” басылмасы бийликтин мындай кадамын 1989-жылы Пекиндеги Тянаньмэнь аянтында орун алган окуялардын 30 жылдыгына байланыштуу болушу мүмкүн деп жазды. Кытайда мындан тышкары Google, Facebook жана LinkedIn сыяктуу сайттар иштебейт. Кошумчаласак, Кытай “Википедияны” жапкан жалгыз өлкө эмес. 2017-жылы аны Түркия да жапкан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.