Бишкектеги мектептерде медициналык пункттар ачылды

Бишкек шаарындагы мектептердин дээрлик баардыгында медициналык пункттар ачылып, атайын дарыгерлер жана медайымдар бекитилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова билдирди.

Исакованын айтымында, жаңы окуу жылына карата Бишкек шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссия мектептерди текшерүүлөрдөн өткөргөн. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, коронавирус илдетин жайылтпоо максатында эми мектептерде дарыгерлер окуучулардын жана мугалимдердин абалдарын текшерип турмакчы.

error: Content is protected !!