Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына Токтосун Султанов шайланды

«Эмгек» партиясынын депутаты Токтосун Султанов Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына шайланды. Мындай чечим шаардык кеңештин сессиясынын биринчи жыйынында кабыл алынды.

Султановдун талапкерлиги көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган. Депутатты анын залда отурган 45 кесиптешинин 41 колдогон.

Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү кеңештин шайлоолору үстүбүздөгү жылдын 11-июлунда өткөн. Анда: «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним»,«Ынтымак», «Социал-демократтар», «Өнүгүү-Прогресс» партиялары жеңишке жетишкен.

error: Content is protected !!