Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу келерки жылы аяктайт

Экономиканын күрөө тамыры – жол.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги уюштурган пресс-турда түндүк менен түштүктү туташтырган жолдун Бишкек – Кара-Балта тилкелеринде жүрүп жаткан оңдоо иштери менен тааныштык. Бул жол союз кезинде салынып, эскилиги жетип, автоунаа жүрүүгө жараксыз абалга келген. Учурда толугу менен оңдолуп жаткан трасса Чүй облусунун калк жыш жайгашкан аймактарын аралап өтөт. Анын  узундугу – 52,1 километр. Борбор менен  Кара-Балта шаарын туташтырган магистралда күнүнө 40 000дей автоунаа каттайт.

Азия Өнүктүрүү Банкы каржылаган долбоор толугу менен ишке кирсе, аймактык байланыш бекемдеп, жол жээктеринин инфраструктурасы жакшырат. Көчөлөрдү жарыктандыруу, унаа токтотуучу жайлар, аялдамалар, карама-каршы тилкени бөлгөн бетон парапеттер, тротуарлар жана коопсуздукту камсыз кылуучу жол белгилери, жөө адамдар өтүүчү сызыкчалар да бул долбоорго киргизилген. Жолду оңдоо иштери толугу менен аяктаса, айдоочулардын автоунаа чыгымдары азайып, калктын жолго кеткен убактысы үнөмдөлөт дешет жолчулар.

Бишкек – Кара-Балта жолунун негизги бөлүгү быйыл октябрь айында ишке берилет. Учурда жалпы 45 чакырымга созулган жолдун 72 пайызы аткарылды. Ал эми кошумча макулдашуу аркылуу башталган жол тилкелери кийинки жылы аяктайт. Аны куруу милдетин кытайлык компания алып, азыркы тапта жолду куруу уланууда. Учурда Бишкек – Кара-Балта жолунун Киркомстром тилкесинде оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул жол негизги долбоорго камтылбагандыктан, кошумча макулдашуу менен 7 чакырымдан ашык жолдун курулушу жүрүүдө. Жол салуунун технологиясына ылайык органикалык минералдык аралашмага чейинки төмөнкү катмары 600 метрге төшөлүп, иштин 2 пайызы аткарылды. Бул жол тилкесин ишке киргизүү 2022-жылдын октябрь айына белгиленүүдө.

Өлкөнүн түндүк-түштүгүн туташтырган жолду эл аралык талапка жооп бергидей, заманбап куруу иштери 2017-жылы колго алынган. Бирок, ар кандай себептер менен жол куруу иштери да кечеңдеген.  Мисалга алсак, көпүрө куруу, жарыктандыруу, аялдамаларды, тротуарларды куруу иштери жайлап, кээде аба ырайынын туруксуздугу жолтоо кылган. Өткөн жылы КОВИД пандемиясынан улам кытайлык жол салчу адистер келбей калышкан. Жол курулушунун кечиккенинин бир себеби да ошол.

Жаңы жол эки эсеге кеңейтилип, 4 жана 6 тилкелүү. Союз кезинде салынган жол 10-15 тоннага гана ылайыкталган эле. Учурда эң чоң жүк ташуучу унаанын салмагына жараша курулууда. Ар бир унаанын дөңгөлөк огуна түшкөн салмак көтөрүмдүүлүгү 11 жарым тонна келип, жүгү менен 50 тоннанын тегерегинде салмакты көтөрөт. Ага ылайык жол 5 катмардан турат. Минералдык аралашма, асфальт төшөө сыяктуу жумуштардын сапаты эл аралык “Temelsu International Engineering” компаниясынын өкүлдөрү тарабынан текшерилет. Айрым жол тилкелерине коопсуздук чийиндери түшүрүлүүдө. Суюк термопластка айнек чаңчалары кошулуп чийилет. Себеби, түнкүсүн жол чийиндери айнекке чагылышып, айдоочуларга жол көрсөтүп турат.

Курулуп жаткан жол тууралуу адистер өз ой-пикирлерин айтып беришти.

Кенан Керсак

“Жолго төшөлө турган минералдык-органикалык аралашманын сапатын ал тургай, температурасынын жогорулугун да текшерип турабыз. Төшөлгөндөн кийин 120 градустан 140 градуска чейин ысык болушу керек. Салынып жаткан жолдор толугу менен эл аралык стандарттарга жооп берет. Түзүлгөн келишимдин негизинде компания жолго 1 жыл кепилдик берет. Бул аралык ичинде кемчиликтер кетип, жолдун кээ бир жерлери бузулса, жолду куруудагы жумуш жокко чыгарылат. Бирок, учурда салынып жаткан жол дүйнөлүк талаптарга жооп берип, кеминде 10 жыл жүргүнчүлөргө, айдоочуларга кызмат кылат”, — дейт “Temelsu International Engineering” компаниясынын өкүлү Кенан Керсак.


Кылыч Досумбетов

 “Бишкек – Кара-Балта жолун Азия Өнүктүрүү Банкы каржылап, тендерден Кытайдын Сhina Railway курулуш компаниясы жеңип алган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен кытайлык курулуш компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин наркы 70 миллион доллардан жогору. Келишим боюнча жолду үч жылдын ичинде бүтүрүү каралган. Бирок, пандемияга байланыштуу курулуш иштери кечеңдеген. Быйыл ноябрь айына чейин жолдун 45 чакырымдан ашууну бүткөрүлөт”, — деди министрликтин маалымат катчысы Кылыч Досумбетов.


Чжан Лян

“Бишкек – Кара-Балта жолунун курулушу эки бөлүккө бөлүнгөн. Киркомстром тилкеси День-Сяопин көчөсүнөн башталып, автоунаа базарынан аяктайт. Ал эми биринчи тилкеде аз эле жумуш калды. Учурдан пайдаланып айдоочуларга кайрылып кетээр элем. Оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу жол тыгыны жаралат. Түшүнүү менен кабыл алыңыздар жана оңдоо иштери жүрүп жаткан жерлердеги жол белгилерине көңүл буруңуздар.

Жалпысынан 14 см калыңдыктагы эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлмөсү төшөлөт.  Мындан тышкары, долбоордун алкагында 7 көпүрө, кичи курулмалар — 671 , аялдамалар — 114, калктуу аймактарда тротуар жана 6  жер алдындагы өтмөктөрдү оңдоо камтылган”, -дейт Сhina Railway курулуш компаниясынын өкүлү Чжан Лян.


Татьяна Исакова

Беловодск айылында 10 жылдан ашуун жашаган Татьяна Исакова: “Түндүк менен түштүктү бириктирген ушул жолду жасаганы абдан жакшы болду. Мурда эки катар автоунаа араң өтө турган жолду кеңейтишти. Эми жол эрежелерине ылайык белгилер орнотулуп, жол чырак коюлса дейм. Анткени, жолдун ушул тушунда мектеп, бала бакча жайгашкан. Сентябрь жакындады окуучулар үчүн жол чырак коюлганы оң. Анткени, оңдолгонго чейин бул жолдо жол кырсыктары көп катталган”, — деди.

Асел Барыктабасова

error: Content is protected !!