БИМ: Мамлекеттер аралык социалдык-гуманитардык кызматташтыкты жакшыртуу макулдашылды

Видео-конференц-байланыш режиминде (онлайн) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов, Тажикстан Республикасынын билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Имомзода, Өзбекстан Республикасынын элге билим берүү министри Шерзод Шерматовдор менен жолугушуусу болуп өттү. Бут тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-гуманитардык кызматташтыкты андан ары жакшыртуу үчүн билим берүү жана илим жаатындагы бир катар маселелер боюнча ар тараптуу пикир алмашуу жүрдү.

Өзүнүн алгы сөзүндө Б. Купешев кыргыз тарап боордош өлкөлөрдүн ортосунда билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты жакшыртууга жана кеңейтүүгө дайыма умтулуп келатканын белгилеп, билим берүүнүн сапатын жана мазмунун баалоо, жаштарды маданий жактан агартуу, педагогикалык кадрларды биргелешип даярдоо, биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү сыяктуу приоритеттүү багыттар боюнча өз ара иштешүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү максатында, бүгүнкүдөй жолугушууларды такай өткөрүп турууну макулдашышты. Жолугушуу жандуу баарлашуунун жана өз ара кызыкчылыктын атмосферасында өттү.

error: Content is protected !!