Аялзаты тууралуу кызыктуу фактылар

Бул жашоодо аялдан кызык жан жок болсо керек. Айымдар табышмактуу, назик, сулуу ошол эле учурда эң амалкөй, акылдуу да болот. Биз бүгүн окурмандарга аялдар тууралуу кызыктарды тартуулайлы деп чечтик.

Аялдар тууралуу сөз болгондо эле алардын көп сүйлөөрү тууралуу айтылат. Сүйлөгөн да аял, ыйлаганда аял, сүйлөбөй койгон да аял. Кыскасы аял эсептөөлөр боюнча бир күндө 20 миң сөздү айтыша алат экен. Мырзалар болсо 7 миң сөз сүйлөшөт.

Дүйнөнүн эң бай аялдары байлыктарын атасынан же жолдошунан мурастап алышат.
Эгер аял 19 бут кийим алса анын 7син гана кийет.

АКШда 40 пайыз аялдар турмушка чыкпай эле бала төрөшөт.

Аялдардын бүткүл өмүрүнүн бир жылы “Эмне кийсем”,- деген суроону ойлонуп жүрүп өтөт экен.

Аялдар жылына 30-60 жолу ыйлашса, мырзалар 6-17 жолу ыйлашат.

Израилде аялдар аскер кызматын өтөшөт.

Аялдын жүрөгү эркектикине караганда бат согот.

Аялдын даам билүү рецепторлору көбүрөөк.

Дүйнөдө 2 пайыз аял өзүн чыныгы сулуумун деп эсептейт. Калгандары сырткы келбетине ыраазы эмес

1900-жылы аялдар биринчи жолу Олимпиада оюндарына катышышкан.

Аялдардын иммундук системасы эркектердикине караганда кеч картаят.

Америкада бизнестин 30 пайызы аялдардыкы.

Айымдар тапканынан эки эсе көп коротушат.

Айымдар өмүрүнүн 17 жылын диетада отурушуп өткөрүшөт экен.

Аялдар артынан бирөө чакырса моюнун гана бурат.

Учурашууда колду кыса кармабайт. Колу бош болбойт. Дайыма бир нерсени кармап жүргүлөрү келет.

Кулагын бармагы менен бекитет. Мырзалар алаканы менен бекитишет.

error: Content is protected !!