Асылбек Абдыразаков: “Айылдыктардын жашоо шартын жакшыртуу башкы максатыбыз”

Аймактын келечеги -өлкөнүн келечеги

Аламүдүн районуна караштуу Байтик айыл аймагынын жетекчиси Асылбек Абдыразаков:

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айыл аймагы Чүй өрөөнүнөн чыккан  айтылуу  Байтик баатырдын ысымын алып жүргөндүгү менен белгилүү. 2019-жылдан бери иштин көзүн таба билген уюштургуч, лидерлик жөндөмү күчтүүАбдыразаков Асылбек Таштанбекович аталган аймакты алга жетелөөдө.

-Асылбек Таштанбекович, сиз башкарып жаткан айыл аймактын бүгүнкү абалы тууралуу окурмандарды тааныштырып кетсеңиз?

-Байтик айыл аймагы райондогу белгилүү айыл өкмөттөрдүн катарын толуктап турат. Айыл элинин жашоо-турмушун жакшыртууну негизги милдетибиз катары кабыл алып, жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу жетекчилиги пландуу иш-аракеттерди аткаруунун үстүндө иш алып барууда. Байтик айыл аймагы Арчалы, Байтик, Башкара-Суу,Байгелди,Кашка-Суу,Кайырма сыяктуу алты айылдык конуштарды бириктирип турат.

Элет элинин басымдуу бөлүгү айыл чарбасы жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Байтик  айыл аймагынын жалпы аянты-32969,3 гектар, анын ичинен айыл чарба багытындагы жерлер -17515,7га болсо, жайыт 11023,5гектарды түзөт. Эл отурукташкан айылдын жалпы аянты698,8гектар жерди ээлейт. Айылда он жети жаңы конуш отурукташып,калктын саны статистика боюнча тогуз миңден ашуун, 1680 кожолук бар. Айыл турмушун жакшыртуу багытында элди электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жаңы трансформаторлор орнотулуп, электр мамычалары бардык айылдарга тартылып, ар бир үйдө электр шамы жаркырап жанып турат.

— Акыркы жылдарда өлкөдөгү көпчүлүк аймактарда жаңы конуштар уюшулуп, социалдык  инфратүзүмдөрдү жакшыртуу максатында жаңы курулуштар бүткөрүлүп,эл кызматына берилүүдө. Сиз жетектеген аймакта жаңы социалдык обьектилер курулуудабы?

— Шаар менен айылдыктардын ортосундагы  жашоо айырмачылыктарды азайтууга аракеттенүү менен айыл элинин жашоо тиричилигин жакшыртып, маданиятын көтөрүүүчүн жаңы социалдык обьекттерди куруп,пайдаланууга берүүнү ар жыл сайын ишке ашырсак деп ниеттенүүдөбүз.2021-жылдын 27-июлунда Байтик айылында Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) имаратынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин катышуусунда жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фонду, ”Сейферуорлд” уюму, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин ”Наркотикалык заттардын эл аралык айлануусу менен күрөшүү жана укук ишмердүүлүгү” бөлүмүменен “Кыргыз Республикасынын жамааттарында жана өнөктөштүктүөнүктүрүү” долбоорунун алкагында  ишке ашырылды.

Жаңы имаратта айылдык аксакалдар комитетинин төрагасынын,аялдар кеңешинин төрайымынын, жаштар комитетинин төрагасынын, участкалык милициянын иш бөлмөлөрүбардык жасалгадагы эмерек жабдыктар,телефондор менен жабдылып, ысык-муздак суу чыккан шарттагы дааратканалары менен жаңы бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.КААБдын жаңы иш бөлмөлөрүнөкомпьютердикжабдууларга 500 000 сом,жумшак эмеректерди алууга 318 523сом жогорудагы уюмдар тарабынан каржыланып берилсе, Байтик айыл өкмөтү курулуш иштерине 1 696 200сом материалдык жактан жардам берди. Жалпысынан КААБдын курулушуна жана жабдуу иштерине жогорудагы чет өлкөлүк уюмдардын акчалай колдоосу менен бирдикте 2 514 723 сом каражат жумшалган.

Ошондой эле көптөн бери көйгөйлүү болуп келген маселе чечилип, аталган айыл аймакта 2019-жылы 700орундуу жаңы бала-бакча салынып,ишке берилди.Жүзүнөн нур төгүлүп, кубанычка бөлөнгөн  ата-энелершатыра- шатманкош колдоп, алакан чаапыраазычылык билдирди. Ата-энелер кичинекей чүрпөлөрүн бардык шарты бар заманбап бакчага тарбияланууга беришип,шаардагыдай билим башатында өсүп чоңоюусунаүмүт артты. Бала бакчаны курууга айыл өкмөттүн бюджетинен  бир жарым млн сом акча каражат бөлүнүп, калган каржылоо демөөрчүлөр тарабынан уюштурулган.Ошондой эле 2019-жылы Арчалы айылындагыСамсалиев атындагы орто мектептин эскирген эшик-терезелери алмаштырылып,эки жарым млн сомго мектептин чатыры толугу менен жаңыланып, ремонттон өткөрүлдү.

Байтик айылынын сыймыктуу уулу Акматбек Сүттүбаевич Сүйүнбаев союз учурунда айылга эки кабатконтора,эки кабат клуб жана эки кабат ортомектеп салып, борбордук асфальт жолдорду куруп кеткен. Кийин Байтик айылындагы орто мектепкеАкматбек Сүттүбаевич Сүйүнбаевдин ысымы ыйгарылган.2019-жылы 2млн 300миң сомдук стим гранттын эсебиненсоюз кезден бери турган эски терезелердин бардыгын жаңы үлгүдөгү пластик эшик-терезелерге алмаштырып, мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрдүк. Мектепке керектүү жаңы мебелдерди жана компьютерлерди сатып алуу менен жаңы  курулган мектеп сыяктуу жаңы түскө келди. Быйыл аталган мектептин эски чатыры4млн стим гранттын эсебинен толугу менен жаңыга алмаштырылды.Ошондой эле 2020-жылы демөөрчүлөр тарабынан топтолгон 525 миңсом каражатка даараткана оңдоо -түзөөдөн өттү.

“Кыргыз Республикасынын жамааттарында кызматташтыкты жана өнөктөштүктүөнүктүрүү” долбоорунун алкагында жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү биргеликте чечүүжолдомосун колго алып,Чүй облустук өнүктүрүү фондусунун каржылоосунун негизинде 49млн 216миң сомго жогорудагы мектептин территориясында кичи футбол аянтчасы курулду.

Башкара-Суу айылындагы Жоошбаев атындагы орто мектептин эскилиги жеткен эски эшик-терезелери, жылуулук системалары бүтүндөй жаңыланып, мектеп толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

2020-жылы 9-майда Байтик айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын катарынан орун алган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эскерүүэстелигине арналган парк ачылды. Буга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 972миң 975 сом, демөөрчүлөрдөн 730миң каражат жумшалып,элеттиктер эс алып отуруу үчүн парккажакшынакай отургучтар орнотулду.Сейил парктатүркүн түстүүбак-дарактар тигилип, көркөмү кооз гүлдөр өстүрүлүп, тротуарларга ар кыл өңдөгү куйма таштар жаткырылды.9-майдан башка күндөрү деле колу бош ардагер аксакалдар, кичинекей наристелери менен үйдө отурган жаш келиндер ж.б. айыл элиэс алып, жакшы маанайда кеп куруп, таза абада дем алып отурганга абдан жакшы шарт түзүлгөнүн эл кубаттоо менен кабыл алды. Элеттиктердин саламаттыгына көңүл буруп,ден соолугуна кам көргөн медициналык кызматкерлерге жаңы турак  жай курулуп, жаңы мебель, жаңымедициналык жабдыктар менен толук камсыздалды. Саламаттыктын сакчылыгында кызмат өтөгөн дарыгерлеркомпьютердик технологияларды колдонуп, карыялардан тартып жаңы төрөлгөн наристеге чейин каттоого алат. Алдын ала  профилактикалык эмдөөлөрдү жасап,дартты аныктоого жанаооруларды алдын алууга карата кайрылгандаргамедициналык кеңештерин берген ак халатчандар жылуу, жарык жаңы имаратта эмгектенүүдө.

-Байтик айыл аймагынын жашоочулары 2021-жылда дагы кандай ийгиликтерге жетишти? Жаңы социалдык имараттарды куруу  айтканга оңой, аткарганга жеңил иш болбосо керек…

— Ооба, ишти аткаруу жеңил — желпи иш эмес. Аймакты өркүндөтүүгө багытталган жумуштар туурасында план түзүп, жасала турган иштерди тизмелеп, демөөрчүлөрдү таап,тургундарыбыздын маанайын көтөрүп, рухий жактан азык берүүгө көптөгөн аракеттер көрүлүүдө. Колунан келген жардамдарын аябай,социалдык жактан колдоо көрсөтүп жаткан жеке ишкерлердин, демөөрчүлөрдүн салымы чоң болуп жатканын кошумчалап, аларга учурдан пайдаланып ыраазылык айта кетейин.Аймактан өсүп чыккан сыймыктуу уулдарыбыздын бири, мекенчил ишкер Өмүрбек Кутуев агабыздын2 жарым миллион сом демөөрчүлүгү астында 2021-жылы Байгелди айылында жаштар үчүн футбол аянтчасы курулуп, ишке берилди.

Быйылкы 2021-жылдын жаңы окуу жылына белек сыяктуу болуп,Кашка-Суу айылында эки кабат жаңы мектептин курулушу 49млн 216 миң сомго бүтүп, ички толук жасалгасы менен пайдаланууга берилет. Андан сырткарыушул айылда Чүй облустук өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен элдин руханий дүйнөсүн байытып,жаштарды сергек жашоого үндөп, келечекте элеттик жаштардын саламаттыгы чың болуп,элине кереги тийген патриотэр- азаматтардын өсүп чыгуусуна максат кылып футбол аянтчасы курулган. Мындан тышкары дагы бир жакшы саамалыктардын бири_Кайырма айылындагы2миллион 200 миң сомго салынган кичи футбол аянтчасын айтууга болот. Ошондой эле Байтик айылында дагы футбол аянтчасы курулуп, бүтүү алдында турат. Айыл аймагына караштуу айылдар арасында атайын спорттук иш-чаралар уюштурулуп, жаштар арасында мелдештер өтүп, жаштардын спорттун бул түрү боюнчабекер машыгуусуна шарт түзүлүпотурат.

-Байтик айыл аймагында инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк болдубу?

-Бул багытта дагы аткарылган иштер бар.Тышкы инвестор араб өкүлчүлүгүнүн демөөрчүлүгү астында Байгелди айылында фельдшердик-акушердик пункт,мечит, жүз элүү орундуу жаңы мектеп бүтүп,жаңы окуу жылында окуучулардытосуп алып, ак босогосун ачууга даяр турат. Жогорудагы курулуштардын бардыгындагыжетиштүүэмерек жабдыктаринвестор тарабынан акысыз тартууланды.

-Айыл ичинде жол тармагында кандай иштер аткарылды?

-Аймак ичиндеги унаа жолдор айылыбыздын жүзү болгондуктан жолдорду оңдоп, көчөлөрдү көрккө бөлөө жаңы конуштардагы авто-жолдордун абалын жакшыртуу биздин негизги иштерибиздин бири болуп саналат. БыйылКашка-Суу айылында бир чакырым унаа жолу жана Башкара-Суу айыл ичиндеги төрт жүз метр унаа жолуна асфальт төшөлдү.

-Асылбек Таштанбекович, аймактын жашоочуларын тазасуу менен камсыздоо  абалы кандай болуп жатат?

-Ата мекендик өндүрүштү камсыздап келген белгилүү“Шоро” компаниясы “Легенда” суусун биздин айылдагы мөлтүр булактан ташып, жаңы технологияда иштетип,кооз идиштерге  куюп, элдин суусундугу үчүн жайылтып жатат. Быйыл аймактын жашоочуларын тазасуу менен камсыздоону башкы маселекатары кабыл алдык. Биз дагы экологиялык жактан таза, ден соолукка пайдалууичүүчүсууну жеткирүүүчүн“Ичүүчү таза суу”долбоору аркылуу “Легенда” суу тарткан жерден элеттиктерге таза суу тартып жеткирүүнү пландап жатабыз.Кудай буюрса айыл аймагында дагы орчундуу иштердин бири болуп, жакында айылыбызга таза суу жетет деген үмүттөбүз.

Visual Portfolio, Posts & Image Gallery for WordPress

Шайгүл УРМАТОВА

error: Content is protected !!