Аскар Бешимов: “Ооганстанда талибандардын бийликке келиши, ири өлкөлөрдүн таймашы”

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов:

Ооганстанда талибандар 20 жылдан соң, кайра бийликке келишти. Андагы абал Борбор Азияга, анын ичинде Кыргыз Республикасына таасир этиши мүмкүн деген күдүк ойлор жок эмес. Мына ушул сыяктуу тобокелчиликтер тууралуу ТИМдин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер кафедрасынын профессору Аскар Бешимов менен баарлаштык.

Аскар Жолчубекович, талибандар өз буйруктарын жарыялап, 20 жыл мурдагыдай эмеспиз дешүүдө. Бүгүнкү күндөгү талибандар кимдер?

Талибандардын тарыхы баарына маалым болсо керек. Алар 1996-2001-жылдары бийликте турганда ислам шариятынын негизинде иш жүргүзгөн мамлекет катары адамдардын укугун чектеп, радикалдуу кадамдарга барган.Буга бүтүндөй дүйнө коомчулугу күбө болгон. Дүйнөлүк маданий эстеликтерди уратып, кино көрүүгө, музыка угууга тыюу салышкан. Көпчүлүк мамлекеттер аларды террордук уюм катары кабыл алган. 2001-жылы АКШ талибандарды талкалап, бийликтен түшүргөндө, баш паанек кылып Пакистанга качып киришкен. Ал жактан ири өлкөлөрдүн жардамы менен чоң күчкө айланып, кайра бийликке келүүгө аракет кылышкан. Ал аракети жыйырма жылдан кийин ишке ашты. Азыр мурдагыдай эмеспиз деген билдирүүлөрдү жасашууда. Баңгизатка тыюу салабыз, аялдардын билим алуусуна кысым көрсөтпөйбүз, кандайдыр бир өч алууларды жасабайбыз деген билдирүүлөрдү таратып жатышат. Ага канчалык деңгээлде ишенсек болот деген маселе турат. Талибандардын мындай кадамдарга аргасыз барып жатышкандыгы белгилүү.  Анткени, Ооганстан абдан жакыр өлкө. Тышкы жардамдардын жана баңги затын өндүрүүнүн эсебинен гана жашап келишет. Айыл чарба тармагы болгону менен ал анча мааниге ээ эмес. Акыркы үч жылда 34 аймактын 25де кургакчылыктын кесепетинен түшүм азайган. Бул жакын арада азык-түлүккө болгон муктаждыктын  кескин түрдө өсүшүнө алып келет. Ошондуктан, ишенимге кирүү үчүн биз мурдагыдай эмеспиз деп дүйнөлүк коомчулукка кайрылгандыгынын бирден-бир себеби ошондон.

Белгилүү бир коомчулуктун колдоосу жок алардын бийликке келиши мүмкүн эмес эле. Эмне үчүн20 жыл мурун акылга сыйгыс азаптарды көрсөткөндүгүнө карабастан, колдогондор да болууда?

Азыр аларды ооган элинин 70-80 пайызы колдойт. Бир убакта СССРсоциализм курабыз деп Ооганстанга аскерлерин киргизип өздөрүнө караштуу президентти олтургузуп, өкмөт түзгөн менен майнап чыкпады.Кайрадан талибандар бийликке келди. Андан кийин АКШ демократиянын өзөгүн тургузуп, светтик өлкө курабыз деп жыйырма жыл аракет кылды. Бирок, алардын аракеттери да ишке ашпады. Ошону менен Ооганстан кайрадан артка кетти.

Ооган элинин талибандарды колдоп чыккандарынын да себеби бар. Биринчиден, элдин билимсиздиги орчундуу маселе. Буга чейин “куурчак” болгон президенттер коррупцияга малынып, тууган-уругун кызматка коюп келишти. Натыйжада, мамлекет алдыга жыла албай, жардам күтүп жашап келген. Мына ушундай адилетсиздикти көргөн эл талибандарга үмүт артып, колдоп жатышат. Булар, бачабаздыкты, баңги зат ташыгындарды токтотуп, жемкорлукту ооздуктап, тартипти чыңдоону убада кылышууда. Бирок, айткан сөздөрү менен кылган иштери дал келеби?Кеп мына ушунда.

Анда эмне үчүн качкан элдин саны көп болууда?

Биз тыштан карап жатабыз. Ичтен карасак, жергиликтүү эл өздөрүнүн ичинен чыккан боордош-талибандарга ишенбегендери бар. Жыйырма жыл илгери да дал ушундай убадаларды берген. Ошондуктан, аларга карата ишеним жок болуп жатат.

Буга чейин талибандар бийликке келген учурда аларды Сауд Аравиясы, Пакистан, Бириккен Араб Эмираты гана тааныган.Бул жолу да ошондой кырдаал кайталанбайбы?

Бул маселе түшүнүктүү. Он бир күндүн ичинде талибандар Ооганстанды басып алды. Алар асмандан түшө калган уюм эмес. Бул ири өлкөлөрдүн таймашы. Россия, Кытай, Американын чатагына айланып, алардын куралы болуп жатат. Ооганстан Россия, Кытай, Пакистан биздин тарапташтарыбыз деп айтышууда.

Демек, жогоруда сиз айткан мамлекеттер менен тарапташ болсо, бул жолу талибандардын бийлигин тааныган мамлекеттердин саны көбөйүшү мүмкүнбү. Маселен, Россия тааныса ага союздаш мамлекеттер да таанууга аргасыз болушат да?

БУУ талибандарды террористтик уюм катары кабыл алган. Азыр ушул чечим каралышы керек. Кырдаал ушуга алып келди. Талибандар бийликке келип, өзүнүн тартибинкиргизүүдө. Мунун артынан көп маселе туулуп жатат. Талибандарды Москва  кабыл алды. Таануунун биринчи кадамы ушул эмеспи.

Дагы бир жагдайга токтолоюн. Талибандардын Ооганстандын аймагын башка террордук топтордун пайдаланышына жол бербейбиз деген билдирүүсү Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кооптуу болуп турат. Аларды сүрүп чыгабыз дешүүдө. Кайда сүрүп чыгат? Пакистан кабыл албайт. Ирандын аскерлери киргизбейт. Террордук топтордун бардыгы Ооганстанга кирип алышкан. Бирок, талибандар кыска мөөнөттө Борбордук Азияга кол салбайт. Анткени, азырынча дүйнө коомчулугуна ашкере терс аракеттерин көрсөтүүнү каалашпайт.

Россияга союздаш мамлекеттер, анын ичинде Кыргыз Республикасы чек араларын бекемдеп, бардыгына даяр турушу керек деген ойлор айтылууда. Биз үчүн кандай кооптуу жагдайлар болушу мүмкүн?

Ооганстан менен чектеш болбогон соң, ал жагынан коркунуч жок. Бирок, социалдык түйүндөрдө талибандарды колдогондор бар. Коңулдарда уктап жатышат. Алардын көздөгөнү талибандар эмес болгону менен негизги максаттары шарият мыйзамдарын киргизүү болуп жатпайбы.

Демек, жалпысынан динчилдерге жан кирип, өз шарттарын киргизүүгө акырындап жол ачылып келе жатат деп сүйүнүп жатышат десек болобу?

Ооба, алар кайсыл бир деңгээлде алар менен пикирлеш. Алардын канчасы Сирияда согушта болгон. Канчасы Ооганстандан кайтып келишти. Мына ушундай биз билбеген маселелер көп. Бүгүнкү күндө кыргыз жарандарынын 40 пайызы Ислам динин тутунушат. Анын ичинде радикалдуу топтор дагы бар. Курал-жарак менен кармалгандарын анча-мынча угуп калабыз. Ошолор бизге коркунуч туудурушат. Ооганстандын талибандар аркылуу басылып алынганы аларга дем-күч берет. Бул бир жагы. Экинчи жагы, 1999-жылы моджохеддер Тажикстан аркылуу Баткенге келген. Эки жүзгө жетпеген моджохеддерге багынып бергенбиз. Алар акча алып тынч кетип калышкан.

Азыр андай коркунуч жокпу?

Коркунуч бар. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү. Отуз жыл ичинде коопсуздук жаатында эч кандай иштер аткарылбады. Биз үчүн талибандардын ичинде болбогону менен аларга өнөктөш топтор коркунуч жаратат. Талибандардын колунда туруктуу 200 миңден ашык аскери бар. Алар автомат кармап согушкандан башка эч нерсе билишпейт. Ушундай кооптуу муун өсүп чыкты. Бийликти алышты. Мындан ары эмне кылышат? Алдыда ушундай чоң маселе турат. Азыркы учурда талибандар биринчи кезекте тартипти киргизишет. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулукту таанууга чакырган билдирүүлөрдү жасайт. Андан кийин, эгер бизге жардам бербесеңер согуштук аракеттерди жасайбыз деп коркутууга өтүшөт.

Биздеги талибандарды тымызын колдогон диний топтор коркунучту жаратпайбы?

Ооганстанга караганда биз алда канча билимдүүбүз. Бул бийлик менен коомчулуктун ортосундагы мамиледен көз каранды. Бийликке карата үмүт өчкөн сайын, ошончолук диний агымдарга ишеним жогорулайт. Өзүңүздөр билгендей, террордук уюмдардын жарыялары абдан жагымдуу. Шарият мыйзамы менен жашайбыз деп убада кылышат. Бирок, мындай жол феодализмге алып бараарын мамлекеттик деңгээлде түшүнүшүбүз кажет. Бийликтин демилгеси менен ар тараптуу реформаларды жүргүзүү зарыл. Адилеттүүлүктүн анык жолун коомчулукка кеңири түшүндүрүшүбүз керек. Ошондо жарандарыбыз ар кандай агымдарга жем болуп кетпейт. Башка жол жок. 

Качкындар келсе жагдай кандай болот деп тынчсыздангандар бар…

Мына ушул маселени так түшүнүшүбүз зарыл. Мен дагы социалдык түйүндөрдөн качкындарды кабыл албайбыз деген өңүттөгү пикирлерди окуп жатам. Качкындар биздин көйгөйүбүз эмес. Ооганстанда 35 миллион эл бар. Алардын ичинен 8-9 миллиону тажиктер,4-5 миллиону өзбектер, 3-4 миллиону түркмөндөр. Алар өздөрүнүн мекенине качат. Ал эми пуштундар өздөрү бийликке келди. Биз ооган эли туш тарапка качып жатат деп жаңылыш ойлоп жатабыз. Мамлекет студенттерге эшик ачык экендигин жарыя кылды. Бул туура, билим алуу үчүн кайсыл улут болбосун келе беришсин. 

Памирдеги кыргыздарга коркунуч жаралбайбы?

Сөзсүз коркунуч жаралат. Вахан коридоруна жол салынат деп жатат. Талибандардын кыргыздарга карата көз карашы кандай болоору азырынча белгисиз. Бирок, өткөндө талибандардан качып 380 адам Тажикстанга кире качкан. Алар бизге өткөрүп бербестен, кайра Ооганстанга чыгарып жиберди. Биз бардык нерсеге даяр болушубуз зарыл. Боордошторубузга коркунуч жаралса, мекениңер кучагын ачып тосуп алууга даяр деп колдоого алышыбыз керек. Алар менен алдын-алатыгыз байланыш түзүп, ар тараптан жардам кылып турууга милдеттүүбүз.

Жылдыз Дыйканова

error: Content is protected !!