Апас Жумагулов: “Биз үчүн 1993–1994-жылдар эң оор жылдардан болгон”

Кыргыз Республикасынын тарыхында эң узак убакыт өкмөт башчы болуп эмгектенген, эгемен өлкөнү түптөөгө салымын кошкон мамлекеттик ишмер АпасЖумагулов менен маек.

— Апас Жумагулович, жакында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилегени турабыз. Бул мааракени утурлай сиз менен өткөн күндөр, тагыраагы 1990-жылдар тууралуу маектешүүгө келдик. Макул болгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

— Мен үчүн сыймык. Рахмат.

— Ден соолугуңуз кандай?

— Жакшы. Эми ушул жашка келип өтө жакшы деп айтыш кыйын. Кудайга шүгүр.

— Апас Жумагулович, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алган жылдары мен 1-класстын окуучусу элем. Ал эми сиздер анда Өкмөттү башкарып, өлкөнүн багытын аныктап жаткансыздар. Менин сизден сурайын дегеним, ошол 1990-жылдардын башында сиздин жана өлкө башынд атурган Аскар Акаевдин колуна кандай Кыргызстан тийди эле. 30 жыл мурда өлкө кандай абалда болчу?

— Сиздин сурооңуз өтө терең. Бул суроого кыскача жооп берүүгө болбойт. Ошентсе да кыскараак айтайын. Өлкө эгемендүүлүк алган жылдары чындыгында кыйын мезгил болгон. Бизге анда “Өлкө кандай багытта жашайт. Эл эмне болот, айыл чарбасы, билим берүү тармагы кандай нукка түшөт”,- деген суроолордун үстүндө күндүр-түндүр ойлонуп иштөөгө туура келген. Кыргыз Республикасы союздун убагында анын бир республикасы болуп, экономикабыздын баары бир казанга иштегенине кубанып жүрүптүрбүз. Алкезде 15 республика өз алдынча өндүрүш тууралуу ойлонгон эмес. Эгемендүүлүк алгандан кийин биздин бири-бирибизден көз каранды болгондугубуз маселе жаратпадыбы. Өлкөбүз союздун курамында турганда экономикалык жактан кубаттуу болуп, мисалы машина курууда жакшы көрсөткүчтөрдү берип турган. Бирок, биз эгемендүүлүк алган жылдары машинанын өзүн эмес, тетигин чыгарып жүргөнүбүздү түшүндүк. Бул чоң көйгөй жаратты. Биз чыгарган тетиктерди союз кулагандан кийин эч ким албай калды. Көрсө, биздин ал убакта чет мамлекетке сата турган эч нерсебиз деле жок экен. Ушул маселенин эсебинен кыйынчылыктарга учурап калбадыкпы. Союздун убагында сыймыктанып жүргөн экономикалык көрсөткүчтөр эгемендүүлүк алган жылдарда төмөндөп, бизди бага албай калганда жол издей баштадык. Айласыздан базар экономикасына баш бактык.

Өкмөт, Президент башка тиешелүү ведомстволор биринчи эле алдыбызга өзүбүздүөзүбүз багышыбыз керек деген маселени койдук. Кандай гана азык-түлүк, өндүрүш болбосун чет мамлекетке сатуу жана сатып алуу керек деген максатты көздөдүк. Эң негизги максат ушул болгон. Андан сырткары, негизги ишканаларыбызды сактап калуу маселесин чечтик. Биз электр энергияны өзүбүз өндүрүп, сактап калышыбыз керек дегенбиз. Мисалы, Токтогул, Күрпсай ГЭСтерин сат дегендер болгон. Аларга жол берген эмеспиз. Өлкө электр энергияны өзүөндүрүшү зарыл деген пикирди карманганбыз. Нефть компаниябызды да эч качан сатылбасын деген токтом чыгарып, комбинаттарды сактап калуу чечимин чыгарганбыз. Албетте, алар кийин сатылды. Бирок, биз эгемендүүлүк алган жылдары негизги өндүрүштөрдү, комбинаттарды саткан эмеспиз. Мен экинчи жолу Өкмөткө 1993-жылдын 14-декабрында келдим. Ошондогу акыбалга Кудай жеткизбесин дейли. Чынында ошол мезгилде абалыбыз абдан оор экен. Инфляциянын туу чокусуна чегине жетип калган экенбиз. Бардык көрсөткүчтөр 25 пайызга кыскарып турган. Ушундай акыбал 1995-жылга чейин уланды. Биз абалдан чыгуу үчүн көп эмгек жумшадык. Ай сайын бардык тармакты катуу көзөмөлгө алып, салыктарды чогултуп, “Кайсы тармактан казынага канча түшмөк эле, эмне түшмөк эле”,- деп көзөмөлдөп турдук. “Иштеген мекемелерге кандай жардам бериш керек”, — деп саат сайын баш катырдык.

Айлык, пенсия берүү маселелери чыккан. Бирок, көрсөткүчтөр тез эле жогорулай баштады. 1995-жылдын экинчи жарымынан баштап бир аз оңолуу жолуна түштүк. Бул биздин өтө кылдат иштегенибиздин натыйжасында болду десем жаңылышпаймын. 1995-жылдын аягында гана “Экономикабыз канча пайызга артка кетти”, — деген суроону койбой калдык. Ошол мезгилден тарта “Канча пайызга жогоруладык?”, — деген суроо коё баштадык. 1996-жыл абдан жакшы жыл болду. 1997-жылы катталган экономикалык жактан өсүштү кийин кайталай албай жүрдүк. Элибиздин турмушун анча-мынча оңдой баштаганбыз. Айыл чарбасында, курулушта, өндүрүштө бир жылда 12 пайыздан ашык өсүштөр орун алган. Ошол убакта башка бизге окшогон өлкөлөрдө айлык, пенсиялар берилбей калган убак болчу. Кремлде өткөн жыйындардын биринде Виктор Черномырдин отчёт берип жатып, “Мне бы заботы кыргызов. У них нет долгов по пенсиям, по заработным платам”, — деп айткан. Эми бул статистика. Муну мактануу үчүн айтканым жок. Чынында эле ошондой болгон.

— Айыл чарбасында өсүш болгон деп айттыңыз. Өсүшкө кандай жол менен жеттиңиздер эле?

— Мени көптөр менчиктештирүү саясатынын башында турган деп айтышат. Бирок, менчиктештирүү саясаты 1991-жылы эле башталган. Мен ошондо өкмөт башчылыктан менчиктештирүү саясатына каршы чыгып кеткенмин. Аскар Акаевге “Мен буга чейин өзүм түптөгөнгө жардам берген заводдорду сатууга катыша албаймын”,- деп кат жазып, кызматымдан баш тарткам. 1991-жылы кызматтан кеткенден кийин 3 жыл Чүйдө губернатор болуп иштедим. Ошондо мен Чүйдүн айыл чарбасын сактоого киришкенмин.

— Ошол учурга баа бериңизчи. Менчиктештирүү саясаты туура болгонбу?

— Чүйдүн акыбалын айтып берсем жооп өзүнөнөзү чыгат деп ойлоймун. Мен 1991-жылы Чүйгө келгенимде тоо этегинде калган чарбаларды менчиктештирүүгө аракет кылгандар болгон. Мен элден токтоп турууну сурангам. Азыр да ал аракетимди айыл чарба адистери айтып беришет. Облуста комиссия түзүп, аларды чет мамлекеттерге жөнөтүп, айыл чарбасын өнүктүрүүдө кандай жолду тандап алышканын көрүп келип, 2 жылдан кийин гана менчиктештирүү саясатын баштаганбыз. Эгерде биз андай жолго барбаганда баары таланып-тонолуп кетмек. Бишкек сүтсүз калмак. Сүт багытындагы иштеген чарбаларды ошентип сактап калдык. 2007-жылдарга чейин алардын 50 пайызы эски биргелешкен формада иштеп жүрүштү. Кээ бир дыйкандар жерлерин бөлүп кетишти. Андай бөлүнүү боло берсе, элди ким бакмак. Андыктан, ушундай максатсыз бөлүнүүлөр болгон жерлерге милицияны жиберип токтотконго чейин баргам. Бизге чарбалар биргелешип иштөөсү маанилүү эле. Өнөр жайда да ушундай маселе жаралган. “ПЕСАК” программасы кабыл алынган. Анда бардык өнөр жай ишканаларга көзөмөл, изилдөө жүргүзүлүп, иштөөгө жөндөмү жок ишканаларды аныктаганбыз. 450 ишканадан 26 ишкана ушул программага кирген. Аларга 40 жылга кредит берилген. Ошол убактарда кызматкерлери бар заводдун сырьёсу жок калган убактар болду. Машина куруу заводдорунун тетиктерин эч ким албай калган деп айтпадымбы. Жаңы турмушка өткөндө эч бир өлкө мурда бизден алган тетиктеринин акчасын да бербей коюшкан. Анткени, алар “силерден тетиктерди союз сатып алган. Союзга баргыла”,- деди. Ал эми союз урап калган. Кайдан сурайбыз биз каражатты? Ошентип отуруп, чоң заводдорду жоготуп алганбыз. Мага көптөр “Эмне ошол заводдорду сактап калбадыңыз”,-деп суроо беришет. Эгер мен айлык бере албай жатсам, пенсия жок болсо, аскерими, милициямды бага албай жатсам, ошол кирешеси жок заводду сактап каламбы. Завод курамбы? Албетте, сактап калса болмок. Бирок, ага 4-5 жыл керек эле. Заводду 5 жыл эмненин эсебинен багат элем. Аракет кылып, Майлуу-Суудагы лампа чыгарган заводду, Орловкадагы заводду, сымап, цемент заводдорду сактап калганбыз. Мүмкүнчүлүк аз болгон бирок, сактап калганбыз. Ошол убакта Кумтөр болгондо башкача болмок экен (күлүп). Мен ушул маселелерди чечкен экенбиз деп сыймыктанбайм. Мүмкүн баарын башкача кыла алмакпыз. Бирок, абал биздин колубузду бууп, желкебизден басып турду. Элдин акыбалы бизди ошол кадамдарга алып барган. Нан керек эле. Дүкөн керек эле. Казынабызда эки эле жумага жетээрлик эгинибиз калган учурлар болгон.

— Андан бери дагы канча жыл өттү. Өлкөнүн азыркы абалына кандай баа бересиз?

— Эгерде тартип болбосо, коррупция болсо өнүгүү болбойт. Ошондуктан, чын дилим менен азыркы жүрүп жаткан саясатты колдоймун. Муну жагынуу аракети деп түшүнбөңүздөр. Чындыкты айтып жатам. Өкмөттүн иши өзүнчө болушу керек. Уурдатпаш керек. Адилеттүүлүк болушу зарыл. Азыркы болуп жаткан жылыштарга абдан ишенем. Койгон максатыбыз болсо, жылыш керек. Кемчиликтер да бар. Ар бирибиз иштейли. Мен иш жок дегенди түшүнбөймүн. Иштен жийиркенбеш керек деген ойдомун. Пол жуусаң да бул чоң иш. Иштей бериш керек. Ошондо баары оңолот.

— Окурмандарыбызга кызык болуп жатса керек. Канча жашка келдиңиз. Канча небере, чөбүрө көрдүңүз?

— 3 чөбүрөм, 11 неберем бар. Үй-бүлөбүз ынтымактуу. Кудай буйруса 87ге толом.

— Сизге ден соолук каалап, майрамыңыз менен куттуктайбыз. Көп жашаңыз.

Жазгүл Кенжетаева

error: Content is protected !!