Айсулуу Тыныбекованын атынан «фейк» баракчалар ачылды

Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактарда анын атынан «фейк» баракчаларды ачылганын билдирди. Баракчалар аркылуу алдамчылык менен акча табууга аракет кылып жаткандар бар экенин эскертип, жалган акцияларга ишенбөөгө чакырды

“Менин атымдан белгисиз адамдар “Фейсбукта” «фейк» баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм. Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат”, — деп жазды Айсулуу Тыныбекова өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына.

error: Content is protected !!