Курс НБ на 16.07.2018 $68,2447 €79,8190

Жумгал районунда балаты майрамы өткөрүлдү (фоторепортаж)

Аймак
28 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
176
Майрамдык иш-чара Жумгал районунун Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектебинин залында өттү. Балдардын балаты майрамына райондун аймагынан окуу алдыңкылары, ата-энесинен ажыраган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 130 бала катышты.
Облус башчы балдарды келе жаткан 2018-Жаңы жылы менен куттуктады.  Жаш жеткинчектердин окууларына ийгиликтерди, чыгармачылык бийиктиктерди жана максаттар ишке ашырылышына тилектеш экенин билдирип,  балдарга белектерин тапшырды.
Сөз кезегинде Жумгал районунун администрация башчысы- аким Адыл Сапаров балдарды куттуктап, каалоо-тилектерин жолдоду. Андан соң, облус жана район жетекчиси майрамдын катышуучулары менен биргеликте балатыны айланып, оюндарга күбө болушту. Балдарга театрлаштырылган концертик программа тартууланып, жомок каармандары менен оюндар уюштурулду.
 
Дүйшөк кызы Айнура, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы   


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.