Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Жумамүдүн Шералиев атындагы жаңы мектеп ачылды

Аймак
08 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
479
Жогорку Кеӊештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаңы курулган имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул мектепти “Имарат строй” курулуш компаниясы курган.
Ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков алты айда курулуп бүткөн искусство мектебинин жамааты менен окуучуларына ийгиликтерди каалап, ушул куттуу жайдан таланттуу балдар чыгып, Нарын шаарынын атак-даңкы үчүн эле эмес, өлкөнүн аброю үчүн кызмат кылсын деген тилегин билдирди.
Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жаңы имаратынын курулушуна жалпысынан 47 миллион сомдон ашык акча каражаты жумшалган. Учурда 215 окуучуга ылайыкташтырылган музыкалык мектепте алты бөлүм иштеп, алты багытта билим берет.  
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.