Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

ЖОЖдор аралык экстремизм жана терроризмге каршы кызматташтык

Аймак
10 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
741
Ош гуманитардык педагогикалык  институтунда “Единство” коомдук  фонду тарабынан  уюштурулган “Экстремизм жана терроризм идеологиясына  каршы  РФ нын   жана  КР  жогорку окуу жайларынын  кызматташтыгы” деген темада эл аралык тегерек стол  өткөрүлдү. Ага  КМШ мамлекеттеринин Антитероррристтик  борбору,  КРнын билим берүү жана илим министрлиги, КРнын дин иштери боюнча  мамлекеттик комиссиясы, күч органдары, Ош шаардык мэриясы жана Бишкек,Ош, Томский , Кемерово жогорку окуу жайларынын, Россия жана Кыргызстандын  коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер катышышты.
 Тегерек столдун катышуучулары диний экстремизмдин жаштар арасында жайылып баратышынын коркунучтуулугу, экстремисттик уюмдардын жаш  муундарды өзүнө  тартуунун негизги  формалары жана  усулдары жөнүндө  кеңири сөз кылышты. Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын  университеттеринин ортосундагы өнөктөштүктү  өнүктүрүү, экстремизмге жана терорризмге каршы чөйрөнү калыптандырууда  ЖОЖдор арасындагы, региондор  ортосундагы жана  мамлекеттер аралык  кызматташуу, таасир этүү  мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө жана  чыңдоого  басым жасашты. Эки тараптуу  кызматташуунун  алкагында  студент  жаштарга тарбиялык жана профилактикалык иш-чаралардын  атайын усулдук  программасын  иштеп  чыгуу сунуштары  айтылды.
 
  Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.