Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

Жогорку Кеңештин депутаты А. Самигуллина Жалал-Абаддык акушер-гинекологдорго сыйлыктарды тапшырды (фоторепортаж)

Аймак
09 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
600
Бүгүн, 9-январда Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кичи жыйындар залында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллинанын катышуусунда облустун аймагында үзүрлүү иштеп жатышкан акушер-гинекологдор менен жолугушуусу болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Иштиктүү маанайда өткөн жолугушууну  өкүл Кыянбек Сатыбалдиев  алып барды.
    - КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллина баштаган республикалык дарыгерлер облусубуздун аймагында энелер менен ымыркайлардын ден соолугун коргоо жаатында бир катар жылдардан бери жеринде энелер менен ымыркайлардын ден соолугун коргоодо практикалык саамалыктуу иштерди аркалап келе жатышкандыктарын терең ыраазы болуу менен белгилеп кетким келет. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллина депутат катары ишинин 90 пайызын калкыбыздын ден соолугун коргоо жаатына жумшап келаткандыгын айта кетмекчимин. Эки тараптуу өз ара практикалык кызматташуунун натыйжасында облусубуздун аймагында энелер менен ымыркайлардын өлүмү өткөн жылы кыйла азайды. Мен облусубуздун  көп улуттуу элинин атынан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллинага, адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун  адистери менен дарыгерлерине терең ыраазычылык билдирип, алардын ишине чын дилимден ийгилик каалаймын. Мен өзүмдүн ишимдин приоритеттүү багыты катары саламаттыкты сактоо менен билим берүү тармагы экендигин белгилеп кетким келет. Сиздердин ишиңиздер абдан оор, эмгек маянаңар аз жана медициналык жабдуулар менен аппараттар жетишпейт. Ошого карабастан элибиздин ден соолугун коргоодо жигердүү иштеп келе жатасыздар,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.
     - Эң алгач мен ушул жерде олтурушкан акушер-гинекологдорду областта энелер менен ымыркайлардын өлүмүнүн азайгандыгы үчүн Сиздерге терең ыраазычылык билдирип кетемин. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы  «Энелер менен ымыркайлардын өлүмүн азайтууну» негизги багыттарынын бири катары койгон. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча бир гана Жалал-Абад облусунда энелер менен ымыркайлардын өлүмү кескин азайган. Мунун өзү сиздердин үзүрлүү иш-аракетиңиздердин астында болгондугун канааттануу менен белгилеп, сиздердин ишиңиздерге чын дилимден ийгилик каалаймын. Биздин бүгүнкү жолугушуубуздун башкы максатынын бири алдыңкы акушер-гинекологдорго сыйлыктарды тапшыруу болот,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигуллина.
     КРнын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты Альфия Самигуллина Ноокен райондук аймактык ооруканасынын акушер-гинекологу Асел Бекнусуповага, Базар-Коргон райондук аймактык ооруканасынын акушер-гинекологу Жамила Токтосуновага, облустук төрөт үйүнүн кичи медайымы Таалайгүл Алымкуловага, облустук төрөт үйүнүн реанимация бөлүмүнүн башчысы Санжар Арзыбаевге, облустук төрөт үйүнүн неонатолог – ымыркайлар бөлүмүнүн дарыгери Дилбар Бекенбаевага жана облустук төрөт үйүнүн акушеркасы Рано Мамажановага КРнын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын « Алкыш» каттары менен акчалай сыйлыктарын тапшырды. Ал эми облустук төрөт үйүнүн башчысы Элмира Төрөгелдиевага компьютер сыйлык катары тапшырылды.
    Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун реаниматолог дарыгери Элеонора Исаевага жана  облустук төрөт үйүнүн ымыркайлардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Ызабекова Рахатка КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасын, ал эми адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборунун реаниматолог дарыгери Бахтиёр Ходжахуновго жана облустук төрөт үйүнүн дарыгери Маржан Султановага Жалал-Абад шаардык мэриясынын Ардак грамоталарын тапшырды.
     Жалал-Абад облусу боюнча 2015-жылы 14 эненин өлүмү катталган болсо, 2016-жылы 7 эненин өлүмү катталып, бул көрсөткүч 50 пайызга азайган.
     Жолдошбай Осмонов,  Жалал-Абад шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.