Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

«Жибек Жолу маданий өнүгүү»-кызматташтыкка данакер гезит

Аймак
31 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
56
Тарыхыбыздын чаң баскан барактарына көз жүгүртсөк, Кытай менен Европаны байланыштырган учу-кыйырсыз жолдо узундан-узун тизилген жүк жүктөлгөн каравандар кетип баратканы көзгө элестейт. Мына ушул Улуу Жибек жолу-кеминде 20 кылымдан ашуун убакыт бою калыптанып, байыртан эле Чыгыш менен Батышты саясый дипломатиялык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жактан байланыштырып турган эл аралык соода жолдорунун бири экендиги менен маанилүү. Кыргыз мамлекети мына ушул улуу жибек жолунда жайгашкан. Кытай мамлекети тарабынан сунушталган «Бир алкак-бир жол: Заманбап жибек жолу» демилгеси байыркы улуу жибек жолунун боюндагы өлкөлөргө сунуштаган экономикалык долбоор. Кыргызстан «Улуу жибек жолунун» экономикалык тилкеси менен туташкан мамлекет болуп саналат. Кыргыз-Кытай мамлекеттерин тоолор менен суулар бириктирип, эзелтен шериктеш мамлекеттер катары, кызматташып келатат. Улам барган сайын Жибек Жолунун тарыхы баркталып, баалана баштады.
Мына ошол «Бир алкак-бир жол» долбоорунун алкагында, «Жибек жолундагы маданий өнүгүү» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан  жумасына бир жолу чыгуучу, көп тилдүү гезит чыгаруу сунушталган. Сунуш колдоого алынып, «Жибек жолу маданий өнүгүү» гезити түптөлүп, Кыргызстандын гезити катары юридикалык  каттоодон өткөрүлүп, иштеп келатат. Ошондон тарта гезит кыргыз, орус, кытай тилдеринде чыгып, үч жыл ичинде өз окурмандарын тапты.
 «Жибек жолу маданий өнүгүү» гезитинин алгачкы саны 2015-жылдын 11-ноябрында жарык көргөн. Жумасына бир жолу чыгуучу гезиттин тиражы бүгүнкү күндө 20 000 ден ашуун нускага жетип, анын ичинен 10 миңдейи  түштүк регионуна таркатылат. Кытай тилинде жумасына 3 миң даана чыгарылат. Бардык барактары түстүү болуп чыгып жаткан гезиттин башкы редакциясы Бишкекте, ал эми түштүк аймагы боюнча бөлүмү Ошто жайгашкан. Учурда «Жибек Жолу маданий өнүгүү» ЖЧКсы Кыргызстандагы белгилүү мекемелердин катарына кирди.
Гезит Кыргыз почтасы аркылуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргызстандын маданият маалымат туризм министрлигине, Экономика министрлигине, Тышкы жана ички иштер министрликтерине, туристтик кызмат көрсөтүү мекемелерине  жана ведомстволорго таркатылат. Ошол эле кезде Манас аэропортунан Үрүмчү-Бишкек авиакаттамдарына, айрым гезит күркөлөрүнө жеткирилет. «Жибек жолундагы маданий өнүгүү» ЖЧКсы кытай жана орус тилиндеги сайттарга, кытай тилиндеги мобилдик тиркеме, вий-чат тиркемесиндеги 6 жалпы кытай аккаунтуна жана фейсбук баракчасына ээ.
2018-жылдан гезиттин редакциясы рубрикаларын жаңылады. Алардын негизгилери болуп: «Кыргыз жаңылыктарын интерпретациялоо», «Кыргызстанга бир кадам», «Кытайга карата көз караш», «Синьцзянга карата көз караш», «Ганьсуга карата көз караш», «Дүйнө көз карашындагы Кытай», «Жогорку класстагы интервью», «Соода-экономикалык кызматташуу», маданий алака, Кытай ишканалары тууралуу жана башкалар. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана технологиялык инновациялардын интеграциясынан улам гезиттин редакциясы Жибек жолун дүйнөгө таанытып жана «Бир алкак-бир жол» долбоорунун демилгесин дүйнө жүзүнө жайылтууга салым кошмокчу.
Гезиттин окуган окурманы катары мага да жагат. Айрыкча аналитикалык материалдардын окумдуулугу андагы иштегендердин билимдүүлүгүнөн кабар берет. Кытай тилин үйрөнүүгө кадам таштагандарга, гуманитардык, агартуучулук кызматты аткарууда гезиттин салымы зор. Кыргыз-Кытай элинин ортосундагы инвестициялык, ишкерлик, достук мамилелери жөнүндө материалдар байма-бай чыгып келатат. Кытайдагы кыргыздардын жашоосу, каада-салты, маданияты тууралуу кызыктуу материалдар чыгып турат. Ошондой эле, гезитте Кыргыз-Кытай мамилесинин барган сайын жакшырып баратышы, кытайлык инвесторлордун Кыргызстанга көлөмдүү инсвестицияларды салышы, кичи, орто бизнестин өнүгүшү, өндүрүш тармактарында эки өлкөнүн жарандарынын биргелешип иштеши жана башка маселелер боюнча жакшы чагылдырылат.
«Жибек Жолу маданий өнүгүү» гезитинин Оштогу бөлүмүнүн редактору Тао Шуанькэнин айтымында гезиттин окурмандары улам барган сайын көбөйүүдө. Сурагандарга, карапайым адамдарга, жумушчуларга, окуу жайларга, андагы кытай тилинде окуган студенттерге акысыз таркатылат. Ал эми гезиттин окумдуулугун арттыруу жөнүндө айткан Тао Шуанькэ буларга токтолду: «Гезит окумдуу болуш үчүн биринчиден катасыз, мазмундуу болуш керек. Макалага тема кое билүү, мазмунга жараша сүрөт жайгаштырууда билгичтик керек. Сүрөт жайгаштырууда дизайнерден да билимдүүлүк талап кылынат. Ар бир жазылган макала, жаңылыкта далил болуш керек. Бул нерселер болбосо гезитти эч ким окубай коет».
«Жибек жолу маданий өнүгүү» гезитинин дайымкы окурмандарынын пикирлерине орун беребиз.
 Несватова Галина, пенсионер:-«Мен бул гезиттин орус тилиндегисин дайыма окуймун. Мага берип турушат. Абдан кызыктуу жана пайдалуу. Эки мамлекеттин ортосундагы алакалар жөнүндө жана башка көп окумдуу материалдарды отуруп алып окуп чыгам».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов: «Аталган гезит көп тилдүү, тиражы көп, өз окурмандары бар. Мен да окуп турам. Гезиттин редакциясы менен тыгыз иштешип келатабыз. Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин ортого таштаган «Бир алкак-бир жол» долбоору стратегиялык мааниге ээ. Мына ошол программанын негизинде бул гезит чыгып келатат. Ош Улуу жибек жолунда жайгашкан. Ага ылайык, Ош облусу менен Кытайдын Гуандун, Ганьсу Кашкар провинциялары, Кызыл-Суу кыргыз автоном облусу ортосундагы кызматташуулар уланып келатат. Учурдагы чоң долбоордун бири Өзбекстан, Түркменстан, Тажикстан, Кыргызстандын Ош облусу аркылуу Кытайга газ түтүгү өткөрүлүп жатат. Ушул багытта кытайлык компания жакында облусубуздан 30 бүтүрүүчүнү акысыз окуутууга Сиань университетине алып барып жайгаштырышты. Ошондой эле эки мамлекет ортосундагы ишкерлердин соода алакаларында, кайра иштетүү жана өндүрүш ишканаларын иштетүүдө, жумуш орундарын түзүүдө, ишкерлер ортосундагы алаканы жайылтууда гезиттин салымы чоң».
ОшТУнун доценти, техника илимдеринин кандидаты, КР Жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, милициянын отставкадагы полковниги Маматибраим Самиев: «Жибек жолу маданий өнүгүү» гезитин калтырбай окуп турам. Кесипкөйлүк, түрдүү кесиптер тууралуу жакшы маалыматтар чыгып турат. Мындан сырткары, эки элдин достугу, жашоосу тууралуу, Улуу жибек жолуна байланышкан олуттуу материалдар жакшы жазылып чыгат. Мен гезиттин орус, кыргыз тилиндегисин дайыма окуймун».
ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин деканы Токтосун Айтикеев: «Бул гезит биздин факультеттин китепканасына дайым келип турат. Ал жерден мугалимдер, студенттер үч тилде окушат. 700дөн ашуун студентибиз, 20га жакын кытай улутундагы, 30дан ашуун кыргыз мугалимдерибиз бар.  Гезиттен саясый, экономикалык, маданий, тарыхый терминдерди тапса болот. Эки мамлекет ортосундагы болуп жаткан иш-чаралар менен таанышып турабыз. Кытай таануу деген адистигибиз да бар, ошондуктан, студенттер үчүн бул гезитти окуу абдан ыңгайлуу».
Жусуева Айпери Кыргыз-Кытай факультетинин 3-курсунун студенти: «Биз көбүнчөсү кытай тилиндегисин окуйбуз. Бизге котормочулук жагынан үйрөнүүгө чоң пайдасы тиет».
«Келечек» базарындагы ашкананын ашпозчусу Салижан Рахманов: «Бул гезитти мен өзүм сурап окуп турам. Эмнегедир гезит мага жагат. Баарынан да катасыз, мазмундуу материалдар чыгат. Мен орус тилиндегисин көп окуймун».
   Гүлбара Мамазияева, Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу