Курс НБ на 23.07.2018 $68,2267 €79,8628

Жер-үйдө күрдөөлдүү иштер жүрүүдө

Аймак
28 - Март 2018
www.erkintoo.kg
95
   Жер үй алтын кенинде негизги объектилердин курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Жакында республиканын өнөр жай, энергетика жана кен казуу иштери боюнча комитеттин төрагасы Улан Рыскулов, “Альянс алтын” ЖЧКсынын башкы директору Михаил Шубин, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, тиешелүү адистер жана журналисттер Жер үйдө болушуп, жүргүзүлүп жаткан иштерди көрүштү.
   Жер үй боюнча  4  откана системасы  курулуш керек болсо азыркы убакта 2,6 меговатт кубаттуулуктагы буу казанын  курулушу  бүткөрүлгөн.  Күйүүчү жана майлоочу майларды сактоочу  жайдын курулушунун  95 пайызы  бүтүп калган.
    Алтын сактоочу ылгоочу фабриканын курулушуна өткөн жылдын 23-ноябрында капсул салынган. Ал объектиде учурда планировка жасоо иштери кызуу жүрүп жатат. Калдык заттар топтолчу жайдын жана химиялык заттар сакталчу кампалардын  орундары тегизделип даярдалууда.
    Улан Рыскулов эгер курулуштардын иштери графиктен кечиктирилсе ар бир айда компанияга 100000 доллардан айып пул салынаарын журналисттерге берген маегинде белгилеп өттү. “Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директору Михаил Шубин  иш график менен жүргүзүлүп жатканын айтып, ошондой эле Чат-Базар айылындагы көмөкчү чордондон комбинатка жогорку кубаттуулуктагы электр линиясын тартуу иштери жүрүп, ал апрель айына чейин аяктай турганын Өкмөттүн өкүлдөрүнө билдирди.
  Жумуштарды “Дострой”  компаниясы аткарууда.
 Бул иштерден тышкары жогорудагы объектилерди туташтырган жолдорду кеңейтип, талапка ылайык деңгээлге жеткирүү иштери жүрүп жатат. Иштин ыргагы  ойдогудай жүрүп турса 2 жылдан кийин алтын   алынып,  Өлкөнүн экономикасына зор таасирин тийгизээри шексиз. Алтын кени  продукция  алынганга чейин  эле өлкө бюджетине төлөнгөн 100 млн доллардан тышкары облустун, Талас районунун, Бекмолдо айыл аймагынын өнүктүрүү фондусунун ар бирине 170 млн  сомдон каражат бөлүнүп, бараандуу иштер жасалууда.
  Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу                            


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.