Курс НБ на 21.05.2019 $69,8500 €77,9212

Жергиликтүүлөр уран кенин жабуу талабын коюуда

Аймак
04 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
73
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундар митингге чыгып, Кызыл-Омпол жергесинде казылып жаткан уран кенин жабуу талабын коюуда. Эми кочкорлуктар чыкканы турат.  Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Балыкчы шаары уран кенинен 20-25 чакырым аралыкта турат. Ал жерде кандай катуу шамал болорун жакшы билесиздер, радиацияны дароо жеткирет. Уран казылып жатканын уккан чет өлкөлүк туристтер Ысык-Көлгө кайра кайтып келер-келбесин бир кудайдын өзү билет. Кайсы бир ишкананын утурумдук кызыкчылыгы үчүн экологиялык алааматка кабылбасак болгону. Өкмөт маанилүү маселеге көӊүл буруп, ал ишкананын эл аралык уюмдардан алган уруксаты бар-жок экенин текшерип, тийиштүү чараларды көрүшү керек», - деди депутат.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу