Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү боюнча жыйын өттү

Аймак
28 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
521
 Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул жыйынга Бишкек шаарынан Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, БШКнын мүчөсү Назарали Арипов жана Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев келишип жыйынга катышкан жергиликтүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо өткөрүүнүн шарттары жана эрежелери менен тааныштырышты.
Жыйынды алып барган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 11-декабрына дайындалганын айтып, алдыда боло турган шайлоолорду жогорку уюшкандыкта өткөрүү керектигин баса белгилеп, алгачкы сөздү БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага берди. Н. Шайлдабекова өз сөзүндө быйылкы жылдын 11-декабрында өтө турган шайлоолор республика боюнча 405 жергиликтүү кеңеште, анын ичинде 21 шаардык жана 384 айылдык кеңештерде болорун айтып, аны өткөрүү үчүн 1314 шайлоо округу жана 1899 шайлоо участкалары түзүлгөн. Ал эми Талас облусунда болсо 34 айыл аймактарында жана 1 шаарда  айылдык жана шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоо жүргүзүлөт.
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамга ылайык 21 жаш куракка толгон,тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Ошондой эле 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депуттарын шайлоо укугуна ээ. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн баштап, добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 2016-жылдын 10-ноябрында саат 24.00гө чейин аяктаса, депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда же 2016-жылдын 20-ноябрына чейин аяктайт.  Ал эми шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда башкача айтканда 2016-жылдын 10-ноябрына чейин аяктарын эске алуу зарыл.
Жыйынга катышкан Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана “Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилерин баса белгиледи. Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар биометрикалык каттоону чогулткан пункттардын даректерине ылайык жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында биометрикалык каттоодон өтө алышат.
БШКнын мүчөсү Н.Арипов да алдыда турган шайлоолор боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, шайлоону тартип менен уюшкандыкта өткөрүү боюнча өз кеңештерин айтып берди.
 Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.