Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

Жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Аймак
26 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
511
24-октябрда Ош шаардык мэриянын жыйындар залында 2015-жылдын 17-ноябрында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүлдү. Жабыр тарткан тургундар менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жолугушуп, акчалай жардамдарды тапшырды.
 “Жер титирөө катталган түнү өзүм шаардын мэри-Жарандык коргонуунун башчысы катары  мэриянын штабын түзүп, зарыл иш-аракеттерди жүргүзүп жана жер титирөө кырсыгынан жабыр тарткан обьекттерди аныктоо боюнча комиссия түзгөн элем. Комиссия тарабынан мэрияга, келип түшкөн маалыматтардын жана шаардыктардын жеке кайрылууларынын негизинде жалпысынан 265 социалдык обьекттер  жана жеке турак-жайлар  жеринде иликтенип чыкты.
 Бүгүнкү күндө жалпысынан текшерилген жеке турак-жай обьекттилерини ичинен 42 кооптуу абалда же IV даражада жана  58 жеке турак-жай капиталдык ондоп түзөөгө муктаж же III даражада, ал эми  текшерилген 81 социалдык обьекттин ичинен 6 кооптуу абалда (IV даража) жана 16 капиталдык ремонтко муктаж болгону (III даража)  аныкталды.
Эсиңиздерде болсо керек, Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен жер титирөө кырсыгынан жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү максатында  шаардык мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын кызматкерлеринин бир күндүк айлык акылары топтолуп, жалпысынан 1 630 000 сомдук акча каражаттары жыйналган.
Бул каражаттын эсебинен мэриянын протоколдук чечими менен 2016-жылдын 28-январында дал ушул кичи жыйындар залында салтанаттуу түрдө капиталдык оңдоп түзөөнү талап кылган 44 жеке турак-жайдын ээлерине 10 000 сомдон, бардыгы 440 миң сом, ал эми  кооптуу абалдагы  30  жеке турак-жайдын ээлерине (IV даража)   декабрь, январь, февраль, март жана апрель айлары үчүн айына 5 000 сомдон, же ар бирине 25 000 сомдон, баардыгы 750  миң сом  акча каражаты  бөлүнүп берилген.
Башкача айтканда 74 үй-бүлөгө көрсөтүлө турган жардамдын жалпы суммасы 1 190 000 сомду түзгөн. Ал эми учурда жогорудагылардан калган 440 000 сом акча каражаты атайын эсептик счетунда турат.
Бүгүн, ошол калган акча каржатын, жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кийинки 4-5-этаптар менен бекитилген актыларга ылайык, 14 капиталдык оңдоп түзөөнү талап кылган (III-даража) жеке турак-жай  ээлеринин ар бирине бир жолку 10 000 сомдон, баардыгы болуп 140 000 сом, жана 12 кооптуу абалдагы (IV-даража) жеке турак-жай ээлеринин  ар бирине бир жолку 25 000 сомдон, бардыгы болуп 300 000 сом, жалпы суммасы болуп 440 000 сомдук акча каражатын жардам иретинде Сиздерге бөлүп берүүдөбүз”,-деди А.Кадырбаев.
Эске салсак, 2015-жылдын 17-ноябрында Кыргызстанда жер титирөө катталып,Ош шаарында, ошондой эле  Кара-Суу районунун Кызыл-Туу, Бек-Жар, Талдык, Лаглан айылдарында күчү 6  балга жеткен. Жер титирөөнүн кесепетинен турак-жайлар,чарбалык курулуштар зыян тартып, адам өмүрүнө зыян келген жок.
 Гүлбара Мамазияева, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.