Курс НБ на 23.09.2018 $68,8964 €80,9533

Жазгы тазалоо иштери кызыды (фоторепортаж)

Аймак
01 - Март 2018
www.erkintoo.kg
307
  1-марттан тарта шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча үч  айлык жарыяланды.
 Шаарды жазгы тазалоо иштери учурда кызуу жүрүүдө.  Тазалоо иштери танкы убакта жолдорго суу себүү менен башталат. Тан эртелеп көчөлөргө Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын атайын техникалары суу чачып беришет. Андан кийин Ош-Тазалык ишканасынын жумушчулары шыпырып, тазалашат.
Мындан сырткары,  Ош-Тазалык ишканасынын бригадаларынын жумушчулары Ош шаарынын борбордук көчөлөрүн, чогулган кум,таштарды , арык ичиндеги жана жол четиндеги бадал дарактарынын арасындагы таштандыларды жыйнап, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Жумушчулар керектүү эмгек шаймандары шыпыргы, кол кап, күрөк менен камсыз болушкан.
Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери
 шаардын көчөлөрүндөгү арыктар жана өтмөктөрдү,  желим бөтөлкө, желим баштык өңдүү акыр-чикир толгон жерлерди тазалашууда. Арыктарды тазалоо үчүн техника, атайын шаймандар бөлүнүп берилген.
Ризван Исмаилова, Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.