Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Жазгы массалык чуркоо болду

Аймак
16 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
66
Ошто   шаарында ишемби күнү жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болуп өттү.Ага шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери,жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
 Чуркоо эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты.
 Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланды.Бул иш-чаранын максаты, спортту калк арасында   кеңири жайылтуу, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет. Спорттук мелдеш 14-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында 8:30да старт алды..
 Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.