Курс НБ на 07.06.2020 $74,2343 €84,1186

Жазгы үч айлыкка активдүү катыш

Аймак
13 - Март 2017
www.erkintoo.kg
855
Ош шаарында 1-марттан баштап айлана-тегеректи тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери боюнча үч айлык жарыяланды. Буга байланыштуу шаардын аймагында жайгашкан бардык мекеме, ишканалар менчигинин түрүнө карабастан бул жазгы өнөктүккө активдүү катышуулары зарыл. Иш чаранын планына ылайык, үч айлык өнөктүк 4 этап менен жүрөт: 1-дарак, гүл отургузуу, газон эгүү; 2-арыктарды тазалоо; 3-айлана-тегеректи санитардык тазалоо; 4- имараттардын сыртын актап-сырдоо, түнкү жарыктандырууларды орнотуу. Бул жазгы өнөктүктөн калаа тургундары да четте калбайт деп ишенебиз.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.