Курс НБ на 15.12.2017 $69,7475 €82,1835

Жаңы–Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Юлчиев Нормахаммад: “Туризмден чоң киреше табууга мүмкүнчүлүгүбүз бар”

Аймак
05 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
31
Эң кызыгы айыл өкмөт башчы  Юлчиев Нормахаммад 4 жолу шайлоого катышып, айылдык депутаттардын ишенимине кирген. ”Менин максатым элиме кызмат кылуу, ар дайым элим менен биргемин, бардык маселени бирге чечебиз. Эл мени баалайт, мен элимди баалайм”-дейт Н.Юлчиев.
    Ушул кезге чейин айылдарга 18 млн 483 миң сомдук инвестиция тартылды. Быйыл Темир-Корук айылында 200 орундуу мектеп салынды. Буга өлкө  президенти А. Атамбаевдин да чоң салымы бар. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен  Найманбаев( сметасы 13млн. сомдук) жана Мырзакаримов( 13 млн.  тегерегинде) атындагы  эки мектептин курулушу кызуу жүргүзүлүп жатат. ОшМУнун ректору К. Исаковдун демилгеси менен  Кызыл-Тейит участкасында 80 орундуу балдар бакчасы курулууда. АРИС программасына  катышып, алар берген 4млн. сомго өздөрүнөн 2 млн.700 миң сом каражатын кошуп, Россиянын өндүрүшүнөн  чыккан  заманбап, жаңы маркадагы  грейдер сатып алганы турушат.ПРООН менен айыл өкмөттүн  5 долбоору жакын арада ишке ашырылмакчы. 3 млн. сомдун тегерегиндеги каражат Кызыл-Тейит мектебинин ажаатканасын оңдоого, ”Айгержан” балдар бакчасынын капиталдык  ремонтуна жумшалат. Ушул эле сумманын эсебинен  Найманбаев жана Мырзакаримов мектептеринин, Сахаба эс алуу  сейил багына типтүү ажаатканалар курулмакчы. Жакында  Агахан фондусунун көмөгү менен Кызыл-Кыя учаткасына  1 млн.200 миң сомдук түтүктөр  тартылып, таза суу алынып келинди.
       Сахабаны жергиликтүү эл  ыйык жай, мазар  деп эсептешет. Анткени Мухаммед пайгамбарыбыздын сахабалары  ушерге мусулманчылыкты алып келишкен экен. Алардын сөөгү коюлгандыктан, тээ атам замандан бери ыйык, касиеттүү жер катары каралат. Жылына   айрыкча сезон мезгилинде жергебиздин төрт тарабынан жана коңшу мамлекеттерден 2-3 млнго жакын адамдар келип кетишет. Ыйык жайдын 16 га жакын жери бар,аны реконструкциялап кайра куруп, оңдосо, кем-кетигин  бүтөп туристтер үчүн  ыңгайлуу шарттарды түзсө,жылына 2 млндой киреше түшүрсө болот.
        Н.Юлчиевдин  жумуш күнүндө тыныгуу деген жок эсе. Эртең менен намазга турганда, “бүгүн каерде кандай иштерди бүтүрүү керек” деп күн мурунтан пландаштырган иштерин  көз алдынан өткөрүп алат. Кыш жакындап келаткандыктан мектеп, балдар бакчасы, ФАП ушул өңдүү социалдык обьектилердин кышка даярдыгын, кем-карчын, отун-суусун ойлоп, көзөмөлдөйт. Айылдагы №58 кесиптик лицейге 3 млн. 200 миң сомдук оргтехника(компьютер,принтер, ксеорокс сыяктуу) жабдууларын сатып беришти.
   Жаңы –Ноокат  айыл өкмөтүндө Шалдырама деген участок бар. Аны азил-чынга салып,ар кандай атап коюшкан. Адамдары жөнөкөй, мээнеткеч, анекдотко жакын, кытмырлыкты билбеген жоош-момун, бирдемени эрөөн-төрөөн албаган, оюн келгенди аскиялап шалдур-шулдур сүйлөгөндүктөн аталып калган да дешет. Тээ илгери Чили-Сай  дарыясынан батыш тарапка 7 км канал казып, тартып келишет. Каналдын суусу  жаз-жайга карабай, күндөп-түндөп обон созгондой шылдырап аккандыктан айылдын аты ушундайча аталып калган дегендер да бар.
Жаңы –Ноокат  айыл өкмөтүнүн башчысы  Юлчиев Нормахаммад  1957-жылы Жаңы –Ноокат  айылында туулган.Айылдык кеңештин эки жолку депутаты, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, КРнын Президентинин Ардак грамотасына, КРнын айыл чарба министрлигинин медалына татыктуу болгон.
-“Беш кол тең эмес” дегендей, элдин баарына жагыш кыйын. Ошого карабастан элге чын дилиң менен иштесең, элди алдабай, үмүткөр кылбай, боло турган, турмушка аша турган идеяларды айтып, үюштура билсең,эл өзү эле колдоп кетет.Жапатырмак жардам берет.Айылыбызга  аты чыккан 2-3 тайпа”жазмакерлерибиз”да бар. Тынымсыз ачык каттарды жөнөтүп турушат.Аларга баарын түшүндүрүп, текшерүүчү келсе, аныктап-тактап бергенче бир топ убактың желге учуп да кетет. Жогору жакка арызданганча мага  келбейсиңби баарын түшүндүрүп берем,бирөөлөрдүн убактысын жок кылганча дейм. Насилинде элибиз мээнеткеч, жерди иштете билген, жерге жакын адамдар.Ашыкча текшерүүлөрдөн да куру эмеспиз. Жең учунан жасалган бюрократиялык мамилелер убактыңды да уурдайт, иштен алагды кылат, жагымсыз маанай жаратат. Менимче, турмушубуз оңолуп жакшы жагына баратат, мындай күнүмдүк, утурумдук мамилелер азаят деп ишенем.
Ризван Исмаилова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу