Курс НБ на 15.12.2018 $69,8381 €78,8821

Жаңы мектеп окуучуларга эшигин ачты

Аймак
10 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
62
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылындагы О.Жакишев атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. «Өткөн айда гана өлкө боюнча 30 жаңы мектеп өз эшигин ачты. Жыл соңуна дейре биз 150 ашуун билим берүү, маданият жана спорт объектилерин ишке беребиз. Биз мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана өлкөнүн эң алыскы райондорундагы мектептерди интернет менен камсыздоо маселесин чечүүгө аракеттенүүдөбүз», – деди ал. Жыйынтыгында Өкмөт башчы мектептин компьютердик классы үчүн жабдуу алууга сертификат тапшырды жана мектепти кыдырып чыгып, окуучулар жана мектеп жамааты менен маектешти.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу