Курс НБ на 23.07.2018 $68,2267 €79,8628

Жашоого жарык чачкандар

Аймак
03 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
91
 «Светя другим, сгоряю сам». Чолпон Мамбетов атындагы  облустук оорукананын кардиология бөлүмүндө  мына ушул учкул сөз  кызыл сыр менен бадырайта жазылып турат. Кардиология бөлүмүн 10 жылдан бери КРнын саламаттыкты сактоосунун отличниги,  облустун журтчулугуна белгилүү врач    Нуржамал Баястанова ийгиликтүү  жетектеп келатат.  Бөлүм 26 койкалуу.  Бир жылдын аралыгында  1000ден ашык оорулуулар дарыланып чыгышат. Бөлүмдө бөлүм башчынын өзүн  кошкондо эки врач, 7 орто билимдүү медициналык кызматкерлер эмгектенишет.
Бөлүмдү башчысы менен маектешүү үчүн көпкө күтүүгө туура келди. Себеби  көрүнгөнү келген ноокастар көп  болуп атты. Саат 12ге жакындаганда колу бошоп, биз менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк тапты.
-Бизде абал ушундай. Облустук, райондук ҮМБларда кардиолог жок. Айлыктын аздыгынан жаш врачтар келбей жатышат. Андыктан ноокастарды бизге жөнөтүшөт. Облустук оорукананын жетекчилигине ыраазылыгыбызды айтабыз.  Кардиология бөлүмүн  жакында эле    капиталдык оңдоолордон өткөрүп беришти.   Андыктан дээрлик бир ай бою  терапиянын бир бөлүгүндө   жайгашып иштеп турууга туура келди. Облустук оорукананын жетекчилиги   ар бири 13,5 миң сомдук 19 койка сатып бериди. Эки бөлмөгө линеолиум  төшөттү. Сыр менен камсыздады. Буга кошум бөлүмдүн жалпы  эмгек жамааты оңдоп, жасалгалоо  иштерине 40 миң сомдун тегерегинде   каржылык  көмөк көрсөткөнүбүздү белгилеп айта кетейин.  200 сомдон 500 сомго чейин каржылык жардам беришкен спонсорлор болду. Аларга ырхмат.»- деди Нуржамал Баястанова.
 Нуржигит Сейдалиев, Талас облусу
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.