Курс НБ на 23.07.2018 $68,2267 €79,8628

Жапалакка 80 түп ак кайың, карагай, арча жана 1000 түп көп жылдык розалар эгилди

Аймак
16 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
65
     Ош шаарында жарыяланган  жашылдандыруу , көрктөндүрүү жана айлана-тегеректи  тазалоонун 3  айлыгында Жапалак айыл аймагына 80 түп айтылуу көгүлтүр Тянь-Шань карагайлары, арча  жана ак кайыңдын көчөттөрү отургузулду. Мындан башка 1000 даана роза гулдөрүнүн көчөттөрү элге кеңири  белгилүү түрлөрү  «Юбилейная», «Президентская», «Моника», «Черный принц», «Подарочная» жана  башка сорттору эгилди. Мында  башка дагы 1000 түп көп жылдык декоративдүү дарактардын көчөттөрү отургузулду.
  Жапалак айыл аймагынын төрагасы Санжар Элеманов мындай уникалдуу көчөттөр өсүп жетилгенде,айылды башкача көрккө бөлөй турганын айтты.
 Ризван Исмаилова, Ош облусу


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.