Курс НБ на 15.07.2018 $68,3282 €79,4315

Жалгыз ооруканага оорулар батпайт

Аймак
06 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
109
Нарын облусунда 280 миӊ адам жашайт. Дартка чалдыккан адамдардын көпчүлүгү Нарын шаарындагы облустук ооруканада дарыланат. Ошондон улам, Нарын шаары менен Нарын районунун тургундары үчүн станционардык дарылануу кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу депутат Алмазбек Баатырбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Бүтүндөй бир облустун оорулуу адамдарын жалгыз ооруканага батыруу кыйын. Мурда Нарын шаары менен Нарын районунун тургундары үчүн өзүнчө оорукана куруу планы бар болчу, бирок ал демилге создугуп кетти. Өкмөт ушул маселени чечип берсе жакшы болот эле», - деп кошумчалады эл өкүлү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.